Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архивдик сүрөт

Премьер Абылгазиевдин КЭАУда окуганынан шек санагандар чыкты. Өкмөттүн жообу

290
(жаңыланган 13:05 29.05.2020)
Америкадагы кыргыз диаспорасынын башчысы өзү дагы, ошол мезгилдеги башка студенттер дагы өкмөт башчыны эстей албай коюшканын белгиледи.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Өкмөттүн маалымат кызматы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин Кыргызстан эл аралык университетинде окуганынан күмөнсүнгөндөргө жооп берди.

Буга чейин АКШдагы кыргыз диаспорасынын лидери Айбек Хакимов социалдык тармак аркылуу Абылгазиевди 90-жылдардагы КЭАУнун студенттеринин арасынан кезиктирбегенин айтып чыккан.

Анын айтымында, премьер-министрдин өмүр баянында ал 1997-жылы экономика жана бизнес факультетин аяктагандыгы көрсөтүлгөн. Хакимовдун айтымында, ошол жылы 1993-жылы ачылган университеттин алгачкы студенттери окуп бүткөн.

"Мен аталган окуу жайдын экономика жана бизнес факультетине тапшырган алгачкы 60 студенттин биримин. Бардыгын аты-жөнүнөн билем, себеби староста болчумун. Абылгазиев студенттердин арасында болгон эмес. Бир нече курсташымдан сурадым, алар дагы эстей алышкан жок. Сырттан окуган бөлүм жок болчу. Кызык, Абылгазиев КЭАУнун дипломун кантип алган? Мындай караганда эмнеге таң калам, биздин өлкөдө баары мүмкүн эмеспи", — деген Хакимов.

Өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Чыңгыз Эсенгул уулу Facebook баракчасы аркылуу бул билдирүү калп экендигин айтып, бул үчүн мыйзам алдында жооп берүүгө туура келерин айткан.

Ал эми премьер-министрдин маалымат катчысы Адилет Султаналиев активист жазган посттун алдына Абылгазиев чын эле КЭАУда окуганын билдирди.

"Кутман күн, Айбек! Сиз чындыгында эле Мухамедкалый Абылгазиев менен бир жылда окууну чогуу бүтүргөн экенсиздер. Бирок ал сиздей бакалавриатта эмес, магистратура бөлүмүндө окуган. Сабактар ар кайсы убакта ар кайсы бөлмөдө өткөрүлөт эмеспи", — деди Султаналиев.

Ал кийинчерээк университет бардык зарыл маалыматтарды бере турганын убадалаган.

290
Белгилер:
студент, диплом, окуу жай, өкмөт башчы, өкмөт, Мухаммедкалый Абылгазиев, КЭУ, Кыргызстан
Тема боюнча
Премьер-министр Абылгазиев жыштык чуусунан улам эмгек өргүүгө кетти
Россиянын коронавируска каршы вакцинасы

Коронавируска каршы вакцина: гениалдуу нерсенин баары жөнөкөй

155
(жаңыланган 22:59 12.08.2020)
Россия дүйнөдө биринчилерден болуп коронавируска каршы вакцинаны каттоодон өткөргөнүн жар салды. Колдоп ыраазычылык айткандар, сындап нааразы болгондор да кездешти дейт дарыгер Сергей Царенко.

Биз, дарыгерлер, коронавирус жуккан бейтаптарды дарылап айыктырууда моноклоналдык антителону, стероиддерди, вируска каршы дарыларды колдонуп, ийгиликке жеттик. Ооругандар азыраак көз жума баштады, ал эми оор абалда жаткандарды баары бир өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырууга аргасыз болдук.

Ар бир он кишинин алты-сегизи оорукана ичиндеги инфекциядан каза тапты. Андай ноокастарды жаңы антибиотиктер сактап калмак эле. Бирок аларды иштеп чыгуу үчүн көп жылдар керек. Дагы башка жолу бар. Ал – адамдарды оору жуктурбай аман алып калуу. Бардык жагынан алганда бул жакшы. Адам оорубайт, айланадагыларына илдетти жуктурбайт. Негизи адам кеселге канчалык туруштук берсе, коомчулуктун иммундук катмары калың болуп, эпидемия эртерээк кайтат.

Путин COVID-19га каршы россиялык алгачкы вакцина каттоодон өткөнүн кабарлады

Азырынча ооруга болгон туруктуулук эгерде ал ооруп айыкса гана калыптанат. Дагы бир коопсуз жолу бар, ал — иммунизация. Анан калса Гамалея институтунун адистери иштеп чыккан майнаптуу жана коопсуз вакцина бар. Бул институт автомобиль курууда "Мерседес" кандай кадыр-барктуу бренд болсо, микробиологияда дал ошондой дөө-шаа.

Мен академиктер Гинцбург менен Логуновду көп жылдан бери жакшы билем. Алардын кызматкерлери менен туруктуу бактерияларга каршы күрөшүү боюнча жаңы ыкмаларды иштеп чыгып келе жатабыз. Мындан сырткары, Эбола жана MERS вирусуна каршы вакцина чыгарышты. Жөн гана ойлоп чыгарып коюшпай, аны майнаптуу жана коопсуз кылышты.

Адам үчүн коопсуз болгон аденовирус ташып жүрүүчү ракета сымал орбиталдык станцияга коронавирустун кичинекей бөлүгүн жармаштырып койду. Аны адамдын ичине, организмине кое берди. Мындан улам экөөндө тең иммунитет пайда болду. Ийгиликти бекемдеш үчүн ошондой эле "орбиталдык станцияны" башка аденовируска "ташып жүрүүчү ракетага" кое беришти. Кайрадан иммунитет пайда болду. Жыйынтыгында эки аденовируста алсызыраак (себеби ал организмге кереги жок да), ал эми коронавирустан — туруктуу жана ишенимдүү иммундук коргоо жаралды. Сонун, гениалдуу.

Каттоодон өткөн россиялык вакцина жапырт колдонууга качан чыгары айтылды

Вакцинаны ыктыярчы адамдарга сынап көрүштү. Алардын бардыгы Гамалея институтунун кызматкерлери эле. Алар аркылуу биринчи поезд өттү! Мындан кийин вакцинаны аскер кызматкерлерине сынашты. Биринин да ден соолугунда көйгөй жаралган жок, бардыгында кубаттуу бир иммунитет пайда болду.

Албетте, бүткөн ишке сынчы көп. Басылмаларда сындар жаады. Көп сөздөр айтылды. Акыркысына эле токтолсок, чочуй тургандай нерсе. Инфекцияны толук жок кылбайт же антитело вирустун клеткага киришинин натыйжалуулугун күчтөндүрөт (ADE) дешти. Бул адис эместер үчүн коркунучтуу. Ал эми вирусологдор ADE натыйжасы Денге лихорадкасы үчүн эле эмес, вакцинация менен да байланышпагандыгын билишет. Калган учурларды майнапты пробиркадан гана көрүшөт.

Ушул жерден суроо жаралат. Басылмалардагы бул кампанияны ким каржылап жатат? "Көз карандысыз" эксперттер кимден көз каранды? Полишинель сыры: россиялык окумуштуулардан артта калып калган башка вакциналардын өндүрүүчүлөрүнөн көз каранды. Дагы вируска каршы дарыларды чыгаргандар бар. Кээде ал препараттар оору менен күрөшүүдө майнабын берет. Бирок ал оорунун жеңил түрүнө кабылганда жардамчы, бирок башка кыйыр таасирлери толтура.

Россияда COVID-19га каршы вакцина алгандар ооруканадан чыкты. Видео

Иштеп жүргөн бизге окшогон дарыгерлер, мисалы, ушундай майда нерселерди көргөндө уяласың. Бизге качан коронавирус жуктурган бейтаптар келбей калат, эпидемиядан улам кол жетпей жаткан башка ооруларды качан дарылайбыз деп күтөбүз.

155
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Россия: коронавируска каршы чыгарылган бир вакцина баарына жарай бербейт
Жамгырдуу аба ырайы. Архивдик сүрөт

Бейшембиге карата аба ырайы

71
(жаңыланган 21:01 12.08.2020)
13-августта түнкүсүн республиканын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Бейшемби күнү күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Күндүн көзү ачылбайт... Бир жумага карата аба ырайы

Абанын температурасы Чүйдө +25...+30, Талас аймагында +22...+27, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +29...+34, Ысык-Көлдө +20...+25 жана Нарын жергесинде +19...+24 градус болору айтылды.

Борбор калаада өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Ошто күн ачык болот. Күндүн табы Бишкекте +27...+29, Ош калаасында +32...+34 градуска чейин жетсе, Чолпон-Атада термометрдин көрсөткүчү +21...+23 градуска көтөрүлөт.

71
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Күндүн көзү ачылбайт... Бир жумага карата аба ырайы
Бут кийим өндүрүүчү тармак. Архивдик сүрөт

Кыргыз экономикасынын артка кеткен тармактары. Тизме

0
(жаңыланган 08:31 13.08.2020)
Экономиканын көптөгөн ири тармактары артка кетти. Ошондой эле Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын көлөмү азайды.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. 2020-жылдын январь-июль айында ички дүң өндүрүмдүүлүк, алдын ала маалымат боюнча, 282 миллиард сомду түзүп, 2019-жылдын ушул учуруна караганда 6,1 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети июль айындагы көрсөткүчтөргө таянып жазды.

Негизинен күйүүчү май өндүрүү (59 пайызга), кездеме, кийим-кече, бут кийим, булгары жана андан жасалган буюмдарды өндүрүү (20 пайызга), жыгач жана кагаз өндүрүү полиграфия (18,5 пайызга), резина, пластмасса жана темир эмес буюмдарды жасоо (16,5 пайызга), тамак-аш жана тамеки өндүрүү (5,3 пайызга) тармактары артка кетти.

Адистер дүйнөдө тез кымбаттап бара жаткан товарларды атады

Ошондой эле баалуу металл казуунун көлөмү 4,2 пайызга кыскарганы айтылды.

Мындан тышкары, 2020-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын көлөмү дагы азайды. Тагыраагы, 1 миллиард 54 миллион 800 миң сомду түзүп, былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 17,3 пайызга төмөндөдү.

Оң тенденциялар айыл чарбасында гана байкалды, анда өндүрүүнүн көлөмү 1,8 пайызга өстү.

Эске салсак, пандемия башталган учурда Кыргызстандын бир катар аймактарына өзгөчө абал киргизилип, көптөгөн ишканалар ишмердүүлүгүн убактылуу токтоткон.

0
Белгилер:
статистика, Кыргызстан, экономика
Тема боюнча
Мукашев: КРде өндүрүлгөн эт сапаты жагынан кошуналардан кыйла артта калган