Кеңсенин доору бүттүбү? Кыргызстандыктар аралыктан иштөөгө кандай карайт

© REUTERS / David W CernyСитуация в Праге из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Праге из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирус пандемиясына чейин дүйнөдө миллиондогон киши жашоосунун жарымын кеңседе өткөрчү. Бирок вирус алардын көбүн үйдөн иштөөгө мажбурлады.

Коронавирус дүйнө жүзү боюнча офис кызматкерлеринин ишке болгон мамилесин толугу менен өзгөрттү. Алар үйдө дагы жемиштүү иштей аларын көргөн айрым жетекчилер мындан ары деле тартипти ошол бойдон калтыруу ниетинде. Мисалы, Facebook 48 миң кызматкеринин жарымын дайыма аралыктан иштөөгө өткөрөрүн компаниянын директору Марк Цукерберг айтып чыкты. Ал эми кыргызстандыктардын бул боюнча пикири кандай? Биздин ишкерлер кол алдындагыларды WhatsApp же Zoom аркылуу гана көрүп турууга даярбы?

Бишкектеги курулуш компанияларынын биринин коммерциялык директору Бектур Садыров кызматкерлер кеңседе эле иштөөсүн улантарын айтат. 

© Фото / Кайрат ЖаныкуловБишкектеги курулуш компанияларынын биринин коммерциялык директору Бектур Садыров
Кеңсенин доору бүттүбү? Кыргызстандыктар аралыктан иштөөгө кандай карайт - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги курулуш компанияларынын биринин коммерциялык директору Бектур Садыров
"Биз курулуш тармагы болгондуктан, кеңсе кызматкерлерибиз компаниянын 10 гана пайызын түзөт. Албетте, акыркы айларда аралыктан иштетүүгө аракет кылдык. Бирок биздин тармакка бул туура келбейт экен. Адам үй алыш үчүн 50-100 миң доллар акча коротот. Мындай ири сумма кетип жаткан соң эч ким телефон же интернет аркылуу сүйлөшүп эле чечим чыгара албайт, бардыгын өз көзү менен көрүшү керек. Экинчиден, биздин кардарлардын басымдуу бөлүгү 42-52 жаштын ортосундагы консервативдүү көз караштагы адамдар. Алар көзмө-көз сүйлөшүүнү каалашат", — деди Садыров.

Ал эми рекламалык компаниянын негиздөөчүсү Айбек Күрөңкеев пандемия аяктагандан кийин кызматкерлердин 30 пайызын аралыктан иштөөгө өткөрүүнү көздөп жатат. 

© Фото / предоставлено Айбеком КуренкеевымРекламалык компаниянын негиздөөчүсү Айбек Күрөңкеев
Кеңсенин доору бүттүбү? Кыргызстандыктар аралыктан иштөөгө кандай карайт - Sputnik Кыргызстан
Рекламалык компаниянын негиздөөчүсү Айбек Күрөңкеев
"Биздин тармак буга толугу менен жол берет. Дизайнер, консультант, сүрөтчү, бренд боюнча адис сыяктуу креативдүү кесип ээлери үйдөн деле иштей алышат. Анын үстүнө ишибизди ыраатка келтирип турган CRM-системасын (кардарлар менен мамилени жөнгө салуу системасы) жакшы өздөштүрүп алдык, азыр эч көйгөй жок. Экинчиден, чаканыраак кеңсеге көчүп, бул жагынан дагы үнөмдөсө болот", — деди Күрөңкеев.

Бирок ал бул нерсе кызматкерлер биротоло үйүндө отуруп калат дегенди түшүндүрбөсүн, алар үйдөгү атмосферадан тажаган маалда кеңсеге же Бишкекте акырындык менен өздөштүрүлүп келе жаткан коворкинг-борборлорго барып иштесе болорун айтат.

Бишкектик дагы бир ишкер Сейтек Оморов бардыгы кырдаалга жана ишмердүүлүктүн түрүнө жараша болорун айтат. 

© Фото / Чынгыз ОморовИшкер Сейтек Оморов
Кеңсенин доору бүттүбү? Кыргызстандыктар аралыктан иштөөгө кандай карайт - Sputnik Кыргызстан
Ишкер Сейтек Оморов
"Албетте, офиске келбей эле иштөөгө мүмкүндүк берген адистиктер бар. Бирок менин жеке пикиримде, адам коомго аралашып, ишке барып-келип турганы жакшы", — деди ал.

Жарым-жартылай аралыктан иштөө

Ал эми ири банктардын бири аралаш иштөө (үйдө жана офисте) режимине өтүү идеясынын үстүндө иштеп жатат. Бул идеяны банк кызматкерлеринин 54 пайызы жактырганын персоналды өнүктүрүү жана окутуу боюнча бөлүмдүн жетекчиси Аман Калыбеков билдирди. 

© Фото / Анжелика МедведеваИри банктардын бириндеги персоналды өнүктүрүү жана окутуу боюнча бөлүмдүн жетекчиси Аман Калыбеков
Кеңсенин доору бүттүбү? Кыргызстандыктар аралыктан иштөөгө кандай карайт - Sputnik Кыргызстан
Ири банктардын бириндеги персоналды өнүктүрүү жана окутуу боюнча бөлүмдүн жетекчиси Аман Калыбеков
"Пандемия учурунда кызматкерлерди аралыктан иштөөгө өткөрүү үчүн адегенде окутуп, даярдадык. Жаңы форматка көнүүгө эки аптадай убакыт кетти. Кийин үйдөн иштөөнүн эффективдүүлүгүн сезе баштадык. Ошол маалда кызматкерлер күндүн кайсы бир бөлүгүн кеңседе, калганын үйдө иштесе болчудай экенин түшүндүк. Пандемиядан кийин ушул идеяны ишке ашырабыз деген планыбыз бар", — деди Калыбеков.

Жумушчулар эмне дейт?

Аман Калыбеков өзү кызматкер катары аралыктан иштөөнүн кандай күнгөй-тескейин байкаганын айтып берди.

"Аралыктан иштөөнүн артыкчылыгы — коюлган тапшырманы убагында бүтүрөсүң. Жөнөкөй эле мисал, чай, кофе, кеңседе ары-бери басып жүрүү же эртең мененки жыйналыштарга убакыт кетпейт. Жаңы инструменттерди өздөштүрө баштайсыз, азыр негизи эле аралыктан иштей билүү кызматкер үчүн артыкчылык болуп калды окшойт. Мен келечекте аралаш режимде иштөөнү каалайм, мындай шартта иш менен жеке жашоону айкалыштыруу дагы жеңил деп ойлойм", — деди Калыбеков.

Глава департамента труда при министерстве труда и социального развития Махмуд Ойтемиров - Sputnik Кыргызстан
Радио
Ойтемиров: Эмгек кодексине дистанттык иштөө боюнча өзгөртүү сунушталууда
Анткен менен котормо агенттигинин кызматкери Асел Ибраева кеңседе иштөөдөн өтөрү жок деп эсептейт.

"Мен 15 жылдан бери тексттик котормо менен алектенем. Кызматым үйдө иштөөгө толук мүмкүндүк берет. Бирок мага кесиптештер менен пикир алышып, үй менен иштин атмосферасын алмаштырып турган маанилүү. Анын үстүнө адам өзү менен өзү боло бербей, элге, коомго аралашышы керек", — деди котормочу. 

Кандай адамдар үйдө иштей албайт

Кандай гана өзгөрүү болбосун, ал адамдын психологиясына таасир этет. Андыктан үйдөн иштөөнү ким кандай кабыл алары боюнча психолог Саадат Сыдыкованын пикирин уктук. 

© Sputnik / Эркин СадыковПсихолог Саадат Сыдыкова
Кеңсенин доору бүттүбү? Кыргызстандыктар аралыктан иштөөгө кандай карайт - Sputnik Кыргызстан
Психолог Саадат Сыдыкова
"Көп нерсе адамдын психологиялык өзгөчөлүктөрүнөн көз каранды. Мисалы, кишилерди интроверт жана экстраверт деп эки топко бөлөбүз. Экстраверттер көп убакытка чейин жалгыз жашап, иштей берет. Өздөрүнө керектүү шарт түзүп алышат. Ал эми интроверттер ар дайым көп адам менен байланышта болушу керек. Мындайларга үйдөн чыкпай иштөө, обочолонуу өтө татаал. Коммуникация жетишпей, стресске түшүп, паникага алдырып ийиши мүмкүн", — деди Сыдыкова.

Мындан тышкары, психолог үйдөн иштөө кадимкидей эле график менен болору, бул адам бош дегенди түшүндүрбөй турганын кошумчалады. Демек, ага тоскоол болбоо зарыл экенин үй-бүлө мүчөлөрү түшүнө билүүсү зарыл.

Аралыктан иштейм дегендерге 5 лайфхак

Киши жумуш боюнча видеоконференцияда катышып жатат - Sputnik Кыргызстан
Жоголуп кетпей, жооп бер. Дистанттык түрдө иштеген жамааттагы этикет
Кеңсесиз иштөө боюнча алдына киши салбагандардын бири АКШлык Buffer онлайн-стартап компаниясы. Анын 90 кызматкери 2015-жылдан бери дүйнөнүн ар кайсы жеринен иштеп жүрөт. Алгачкы кеңсеси Сан-Франциско шаарында жайгашкан болчу. Бирок ижарага айына 7 миң доллардан төлөп тажаган соң аралыктан иштөөнү чечишкен. Бири-бирин жылдап көрбөгөн кесиптештердин ийгилик сырын ВВС жазып чыкты.

"Ушакташууга" убакыт табыңыз

Кесиптештер бири-бирине жакын жана ынтымакта болуусу үчүн жумуштан тышкары дагы жалпы кызыкчылыгы болушу керек. Андыктан маал-маалы менен чер жаза сүйлөшүп, бири-биринин ал-жайын сурап койгон туура.

Ким эмне менен алек экенин билиңиз

Бир жамаатта иштегендер ким эмне иш кылып жатканын билиши керек. Андыктан кандайдыр бир маанилүү чечим, жаңы эреже же жаңылыктарды укпай калган кесиптешти кабардар кылып турган жакшы.

Жолугушуулар

Жумуш аркылуу кезигүү мүмкүнчүлүгү жок болсо дагы бир чыны чай же кофени шылтоо кылып чогулуп турган оң.

Көзөмөл

Жетекчинин түз көзөмөлү жоктугу ар кимге ар кандай таасир этет. Айрымдар ишти эрте бүтүрүүгө ашыкса, башкалар жалкоолонуп өзүн таштап коет. Андыктан кандай режимдеги иш болбосун, жетекчиликтин көзөмөлү болгону жакшы.

Убакыт

Адам жумушка жана жеке өзүнө тиешелүү убакытты так бөлүп алышы керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0