Бет кап тагынгыла! Бишкектин тургуну вирусту базардан жуктурганы айтылды

Жазылуу
Штабдын маалыматы боюнча, калаадагы коомдук жайларда инфекция чыккан учурлар катталууда. Учурда бир бейтап вирусту ири базарлардын биринен жуктурганы болжолдонуп жатат.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Кыргызстандагы бардык базарларда бет кап режими жана башка күчөтүлгөн санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук чаралары катуу сакталышы керек. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

Маалыматка ылайык, калаадагы коомдук жайларда инфекция чыккан учурлар катталып жатат. Учурда бишкектик бир бейтап вирусту ири базарлардан жуктурганы болжолдонууда.

"Өлкөдөгү бардык базарларда, өзгөчө Бишкек шаарында санитардык эрежелерди сактоону тартипке келтирип, көзөмөлдөө керек. Базарларда иштеп жаткандар жана кардарлар бет капты милдеттүү түрдө тагынуусу зарыл. Базар жетекчилиги ушул маселе боюнча тийиштүү деңгээлде көзөмөлдөөнү толук жоопкерчилигине алышы шарт. Санитардык кызматтар, жергиликтүү бийлик органдары ири делген "Дордойдон" баштап, республикадагы башка базарларга чейин санитардык-эпидемиологиялык текшерүүлөр боюнча ишти күчөтүүгө тийиш. Ошондой эле коомдук жайларда, эл көп чогулган жерлерде мындай иштер улантылсын", — деди Боронов.

Ыкчам штаб талаптагыдай тартипти орнотуу, санитардык көзөмөлдөө жана төрөт үйлөрүндө жаңы көз жарган аялдардын саламаттыгы үчүн тийиштүү коопсуздук шарттарын түзүү боюнча тапшырмаларды берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0