Эл аралык университеттин ректору Абылгазиевдин алардан окуганын  айтып берди

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги Кыргызстан Эл аралык университети. Архив
Бишкектеги Кыргызстан Эл аралык университети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдаралиев эмне үчүн өкмөт башчы менен чуулгандуу посттун автору бир учурда окуп, бирок бири-бири менен көрүшпөгөндүгүн айтып берди.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстан Эл аралык университетинин магистратурасын аяктагандыгын тиешелүү документтер тастыктап турат. Бул туурасында аталган окуу жайдын академиялык консорциумунун камкорчулар кеңешинин төрагасы, УИАнын академиги Асылбек Айдаралиев айтып берди.

Абылгазиев магистратурада билим алганда ал университеттин ректору болуп турган.

"Биз Сан-Франциско университети менен кызматташып, бакалавриат жана магистратуранын кредит-сааттарды киргизген биринчи жогорку окуу жайбыз. Бакалавриат 1993-жылы ачылган. Биринчи кабыл алууда Айбек Хакимов окуган. Андан эки жыл өтпөй, 1995-жылы эки жылдан кийин университет магистратураны ачты, ага Мухаммедкалый Абылгазиев өткөн", — деп түшүндүрдү академик.

Айдаралиевдин айтымында, бакалавриатта окугандар магистранттар менен кадимки эле себептерден улам кездешкен эмес. 

"Бакалавриат жана магистратура — экөө таптакыр эки башка. Бакалавриаттын студенттери эртең менен окуса, магистранттар кечки бештен баштачу. Мындан сырткары эки башка жакта билим алышчу. Сырттан же дистанттык окуу туурасында кеп да болгон эмес. Магистратурада деле кадимкидей, бирок кечинде окушат эле", — деди ал.  

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Премьер-министр Абылгазиев жыштык чуусунан улам эмгек өргүүгө кетти
Айдаралиев университетте азыркы премьер-министрдин Кыргызстан эл аралык университетин  бүтүрдү деген бардык документтер бар экендигин айтты.

"Арадан 20 жыл өткөндүгүнө карабай, Абылгазиевдин киргени жана экинчи курска (магистратурада эки жыл окуйт) которулганы  боюнча буйрукту алып чыктык. Диплом жактоого кирүүгө уруксат берген кагазды да көтөрдүк. Дипломдун көчүрмөсүн таптык", — деп белгиледи  академик.

Ал азыркы өкмөт башчы менен кимдер окугандыгы боюнча да тизмени алып чыккандыктарын, анда 20га жакын киши болгондугун кошумчалады. Академик премьер-министрдин дипломунун  тегерегиндеги ызы-чуу жөнөкөй эле түшүнбөстүктөн келип чыккан деп эсептээрин айтты.

Эске салсак, АКШдагы кыргыздардын диаспорасынын лидери Айбек Хакимовдун социалдык тармактагы жазган посту көпчүлүктүн талкуусуна түштү. Ал 1990-жылдары Кыргызстан эл аралык университетин бүткөн студенттердин  арасынан Абылгазиевди көрбөгөндүгүн айткан.

Өкмөт башчынын өмүр баянында ал 1997-жылы экономика жана бизнес факультетин аяктагандыгы жазылып жүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Финпол Кубанычбек Жумалиевге тиешелүү мүлктү иликтеп чыкканын айтты
"Мен экономика жана бизнес факультетине тапшырган 60 студенттин арасында болчумун. Староста болгондуктан алардын аттарынан бери билем.  Абылгазиев студенттердин арасында болгон эмес. Бир нече курсташтарымдан тактасам да, алар эстей албай коюшту. Сырттан окуган бөлүм да болгон эмес", —  деген Хакимов.

Буга өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Чыңгыз Эсенгул уулу Facebook тармагына  бул калп экендигин жана ал үчүн мыйзам алдында жооп берүүгө туура келерин жазды.

Ошондой эле Эсенгул уулу өкмөт башчынын маалымат катчысы Адилет Султаналиев буга жооп жана тиешелүү документтерди даярдап жаткандыгын билдирди.

Ал эми окуу жайдын сайтында Абылгазиевдин сүрөтү анын бүтүрүүчүлөрүнүн арасында илинип турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0