Балдардын "Карек" кинофестивалына тасмалар кабыл алына баштады

© Sputnik / Табылды КадырбековВидеоператор жумуш учурунда. Архив
Видеоператор жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кинофестивалга 10-17 жаштагы окуучулар катыша алат. Алар каалаган жанрында "Мен жана коом", "Мен жана менин үй-бүлөм", "Бул менин дүйнөм" деген темаларда камерага же телефонго 10 мүнөткө чейин кыскаметраждуу кино тартышы керек.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Республикада балдар жана өспүрүмдөр арасындагы "Карек" кинофестивалы тасмаларды кабыл ала баштады. Бул тууралуу "Карек" балдар кинофондунун жетекчиси Толкун Дайырбекова билдирди.

Анын айтымында, конкурска 10-17 жаштагы окуучулар катыша алат. Балдар каалаган жанрында "Мен жана коом", "Мен жана менин үй-бүлөм", "Бул менин дүйнөм" деген темаларда камерага же телефонго 10 мүнөткө чейин кыскаметраждуу кино тартышы керек.

"Катышуу акысыз. Эмгектер 2020-жылдын 5-октябрына чейин www.karek.kg сайты аркылуу кабыл алынат. Балдар тарткан кинолорду Кыргызстандын белгилүү киноишмерлери баалайт",— деди Дайырбекова.

Жеңүүчүлөр "Мыкты көркөм тасма", "Мыкты анимациялык тасма", "Мыкты документалдык тасма", "Мыкты режиссёр", "Мыкты оператор", "Мыкты сценарист", "Мыкты монтажер", "Мыкты жаш актёр", "Мыкты жаш актриса", "Калыстардын атайын сыйлыгы" номинациялары боюнча аныкталып, статуэтка, диплом жана баалуу белектер менен сыйланары кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0