Бишкектеги цехте бир эле адам чогуу иштеген 24 кишиге коронавирус жуктурган

© Sputnik / Александр КряжевЗаводы по производству круп и мукомольной продукции в Новосибирской области
Заводы по производству круп и мукомольной продукции в Новосибирской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үсөнбаев билим берүү борборлорунун биринде иштеген кызматкер коронавирус илештирип алганын билбей, беш жакын адамына илдетти жуктуруп алганын кошумчалады.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Бишкектеги өндүрүш ишканаларынын биринде иштеген жумушчу 24 адамга коронавирус жуктурган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, аталган жумушчу коронавирус илештирип алып, оорунун белгилери байкалса дагы цехке барган.

"Ал адам чогуу иштеген 60тай киши менен байланышта болгон. Алардын баарынан анализ алынып, 24үнөн коронавирус табылды. Ал 24үнүн дагы бири анализ алганга чейин үй-бүлөсү менен байланышта болуп, баарына вирус жуктурган", — деди Үсөнбаев.

Үсөнбаев мындан тышкары билим берүү борборлорунун биринде иштеген кызматкер коронавирус илештирип алганын билбей, өзүнүн беш жакынына илдетти жуктуруп алганын кошумчалады.

Госпиталь COVID-19 в УКБ №2 Первого МГМУ им. И. М. Сеченова - Sputnik Кыргызстан
Бир суткада 14 медиктен коронавирус табылды. Анын 12си Нарында
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 1722ге жетти. Анын ичинен 1113ү айыгып, 16сы каза болду.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0