Түгөйлөр. Архивдик сүрөт

Түркияда күйөөгө тийип кеткен аялым эми балдарды, үйдү талашууда. Эркектин каты

5464
(жаңыланган 14:56 30.05.2020)
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына азыр оор акыбалда калганын айткан мырза кайрылды. Анда кеп башынан болсун.

Саламатсыздарбы, мен азыр абдан оор абалда калдым. Кеп-кеңеш керек болуп турат. Өзүмдүн психологго барууга убактым да, ашыкча тыйыным да жок. Бир чети уялам.

Аялым экөөбүз үйлөнгөнүбүзгө 19 жылдын жүзү болду. Төрт балабыз бар. Айылдагы тамды жаап, шаардын четинен жер алып, үй салып жашап жатканыбызга он чакты жыл болуп калды. Кичүү кызым экиге чыкканда келинчегим бир тааныш келинге кошулуп, Түркияда иштеп акча тапмай болду. Башында каршы болдум. Бирок келинчегим "чоң тамды толук бүтүрүп кирели, эртең балдар чоңойсо, ушинтип жүрө беребизби?" деп туруп алганынан макул болгом. Анткени менин айлыгым деле тамак-аштан, балдардын окуусу, кийим-кечесинен чыкпайт. Өп-чап жашоодон тажай баштаганбыз.

Ошентип эки жыл мурда жайында Түркияга кеткен. Балдарым каникулда бири-бирин багып жатышты. Эртеден кечке жумуштамын, мен деле кара жумушта иштейм. Алгач аялым иш таба албай жүрдү окшойт, кийин "жумуш таптым" деп акча салып жаткан. Анан бир жыл өтүп өзгөрө баштады. Сөзү бөлөк. Балдарды деле сураганы менен күйүп-бышпайт. Сурасам "жумуш оор" деп коёт. Мурункудай бир үй-бүлөдөй оокаттын камын сүйлөшпөй калдык. Мен сүйлөгөн менен ал балдардын кем-карчын сурамыш этип, акча салат. Видеочалууну да албай баштаганда шекшип калдым. Бир күнү такып сурап жатып, уруша кеткенде бир түрккө тийип алганын айтып жатпайбы. Ушундай бир кызык эле абалда калдым. Жиним келди. Башында ызам менен анда-мында ичкилик ичип коюп жүргөм. Энесинин кылыгын балдарга айта албадым. Ага-тууганга деле ооз ачкан эмесмин. Достор укса шерменде болом го деген ой менен аялыма "кайра кел, адашпа, жашайлы" деп да көрдүм. Жок, болбойт.

Эми келип, мыйзамдуу ажырашып, үйдү, балдарды талашарын айтты. Мен "бербейм" деп жатам. Тааныштар, кошуналар, достор эмне дейт? Мага 200 миң сом сунуштап, "айылдагы тамды оңдоп ал, муну мага калтыр" деп жатат. Түркияда жашаса, бул тамды эмне кылат, түшүнбөйм. Бир чоң бөлмө зал, кире бериш улап койгом. Эки жылдан бери балдардан деле алыстай түшсө керек. Улуу балам менен кызыма энесин ачык айтсамбы? Өткөөл курактагы немелерден коркуп жатам. Бирөөдөн укса катуу тиет го деп да чочулайм. Кызынын жоругун билсе төркүндөрү деле туура эмес көрсө керек.

"Сырын билгенден кийин кайдан жибердим эле" деп бир чети өзүмдү да жеп жатам. Мурда да бир турмуш куруп ажырашып кеткен эле. Мени ойлобой эле койсун, кенедей балдарды ойлобойбу...

Балдарга, ага-тууганга айтканым туурабы? Же көрө жатарбыз деп жүрө берсемби? Теңтуштарга эмне дейм?

"Психоанализ.кг" психотерапия борборунун жетекчиси Муратбек Султанбеков:

— Бул жигиттин абалы өтө татаал. Мында үй-бүлөлүк баалуулуктар талкаланып жатат. Буга аялын да, күйөөсүн да күнөөлөгөнгө болбойт. Учурда турмуш-тиричиликтин айынан алдыга максат, план коюп жашоосун жакшыртуу үчүн адамдар четке чыгып иштеп келип жатышат. Бирок ал жакка барып, башка жашоону көргөндө адамдын көзү ачылат. Ортодон ар кандай кеңеш бергендер да чыгат. Ушундай экономикалык, социалдык кырдаалдар үй-бүлөнүн бузулушуна алып келүүдө. Каттын ээси да ушундай абалга туш келген. Ал эми келинчеги же мурунку жашоосуна кайтышы керек, же жаңы турмушка аттанышы кажет. Келин үчүн мындан башка жол жок. Албетте, ал эски түйшүккө кайткысы келбей, жеңилирээк жолду тандап жатат. Жаман эне атыкпаш үчүн балдарды талашып жаткан экен. Эч нерсеге кепилдик берип кереги жок. Ал аял балдарды алып кеткенде, эртең катуу ооруп же кырсыктап калса эмне болот? Чет жерде кантип күн көрөт? Ушу жагын да ойлош керек.

Ал эми каттын ээси деле аялын жакшы тилек менен балдардын келечеги үчүн жөнөткөн. Бирок акыры келип өз башына муш болуп жатат. Ошондуктан мындай оор маселелер тууралуу онлайн же ЖМК аркылуу баарлашкан туура эмес. Бул өтө олуттуу маселе. Муну этап-этабы менен чечүү зарыл. Психотерапевтке же психологго барып, аялыңыз, өзүңүз жана балдарыңыздын абалын, мындан аркы мамилелерди талкуулап алганыңыз оң. Баарын иреттеп алуу керек. Сиздин элдин, туугандардын, достордун бетин кантип карайм деп бушайман болгонуңуз мыйзам ченемдүү нерсе. Бул кайсы бир деңгээлде эркектик намыска катуу сокку.

Бирок мындай кырдаалга кабылган жалгыз сиз эмессиз. Бул улутуна, динине карабай адам баласынын башына келип калуучу мүшкүл. Мындайда кайраттуу болуп, эмоцияга алдырбоо маанилүү. Алгач эмнеге мындай болуп кеткенин анализдеп, кетирген кемчиликтерди да кабыл алыңыз. Үй-бүлөнү сактап калууга аракет эки тараптан тең болгону жакшы. Балдар жабыркап калбасын. Мында бир чети экөөңүздөр тең өзүңүздөрдү гана ойлоп жатасыңар. Өзүмчүлдүктү токтотуу керек. Бала толук кандуу үй-бүлөдө чоңоюусуна мүмкүнчүлүк түзүлсө жакшы болмок. Анткени ата-эненин ордун эч ким толуктай албайт.

5464
Белгилер:
үй, Бишкек, балдар, кат, Түркия, үй-бүлө, психолог
Тема:
Психолог менен баарлашуу (121)
Тема боюнча
Турмушка чыгайын десем уулум каршы болууда... Аялдын каты
40ка чыккыча кайната-кайненемен уруксат сурайбыз. Күйөөсүнө нааразы келиндин каты
Күйөөм көзүмө чөп салып жүрүптүр. Мындан ары кантип жашайм?
Жеңем апамды киши ордуна көрбөйт. Чырдан тажаган кыздын каты
Манас эл аралык аэрпорту. Архив

Француз компаниясы өлкөдөгү ири аэропортторду оңдоп-түзөөгө кызыкдар

20
(жаңыланган 23:26 24.09.2020)
Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги француз компаниялары Кыргызстанда ишке ашырып жаткан жана пландаган долбоорлору жөнүндө айтып берди.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Франциянын Aеroports de Paris жана TAV Airports аэропортторунун эл аралык операторлору "Манас" жана "Ош" аэропортторун реконструкциялоо боюнча долбоорлорго катышууга даяр. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Франциянын КРдеги элчиси Микаэль Ру менен анын дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу видеоконференция өткөргөн.

Тараптар акыркы жылдардагы кыргыз-француз кызматташтыгынын жана соода-экономикалык байланышынын өнүккөнүн талкуулашкан.

"Атап айтканда, Aеroports de Paris жана TAV Airports Париж аэропортторунун эл аралык операторлору "Манас" жана "Ош" аэропортторун реконструкциялоо боюнча долбоорлорго катышууга даяр. Ал эми GE Hydro France компаниясы Ат-Башы жана Токтогул ГЭСтерин реконструкциялоо жана калыбына келтирүү боюнча долбоорлорду ишке ашырып жатат. Flowbird компаниясы паркинг системаларды эсептегичтерди орнотуу боюнча долбоорду ишке ашырууну пландаштырууда, ошондой эле EGIS компаниясы Ош — Баткен — Исфана автоунаа жолун реконструкциялоо долбоорун ишке ашырды. Бир катар башка инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруу күтүлүүдө. Ошондой эле быйыл Бишкекте Novotel франциялык мейманкана тармагын ачуу пландалууда", — деп айтылат маалыматта.

Кытай өрт өчүргөн 100 автоунаа бермекчи. Айдарбеков кесиптеши Ван И менен жолукту

Министр Айдарбеков жемиштүү эмгеги үчүн Руга ыраазычылык билдирип, ТИМдин Ардак грамотасы менен сыйлады.

20
Белгилер:
аэропорт, экономика, элчи, ТИМ, Франция, Кыргызстан
Тема боюнча
Жээнбеков Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешине өкүл болууга умтулганын эскертти
Манас эпосу. Архив

"Манас" эпосунун казак тилиндеги жаңы котормосу чыкты. Өзгөчөлүгү

27
(жаңыланган 22:44 24.09.2020)
Автор буга чейин Казакстанда басылып чыккан төрт томдук котормо эл арасында сейрек кездешерин жана балдарга анча түшүнүксүз экенин айткан.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Белгилүү манасчы Баянгали Алимжанов "Манас" эпосунун казакча котормосунун жаңы версиясын тартуулады. Бул тууралуу "Казинформ" жазды.

Ага ылайык, 40 жылдан бери манас айтып келген Алимжановдо эпосту өз версиясында которуу идеясы былтыр жаралган.

Анын айтымында, казак жазуучусу Мухтар Ауэзовдун жетекчилиги алдында басылып чыккан төрт томдук котормо эл арасында сейрек кездешет жана балдарга анча түшүнүксүз.

Жолдошов: "Манас" кара сөз менен жазылса 500-600 китеп топтому чыкчудай

Алимжанов 100 миң сапты түшүнүү окурманга оңой эмес экенин белгилеген. Ошондой эле Кыргызстанда балдар үчүн "Манастын" бир томдугу чыкканын айта кеткен.

"Мен "Манасты" 67 күндүн ичинде толугу менен которуп бүттүм. Китептин өзгөчөлүгү — эпостун эң күчтүү, көркөм, поэтикалык үзүндүлөрү Манастын рухун чагылдырган прозада баяндалган. Эпосту кыскача, келечек муундарга түшүнүктүү тилде бергим келди. Манасты ар бир манасчы өзүнчө айтат. Эпостун сюжети бирдей болгону менен түрдүүчө берилет", — деген Алимжанов.

Китептин бет ачары Нур-Султандагы "Достук" үйүндө өткөн.

27
Белгилер:
котормо, Манас эпосу, Кыргызстан, Казакстан
Тема боюнча
"Боз кырдын ойгонушу: Чыңгыз Айтматов". Залкарга арналган китеп түрк тилинде чыкты