Кыргызстанда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Себеби

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүФедеральная автотрасса Р-257 "Енисей"
Федеральная автотрасса Р-257 Енисей - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чектөө жай мезгили бою күчүндө болот. Оор жүк ташуучу унааларга күндүз, күн ысыкта жүрүүгө да тыюу салынды.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Кыргызстанда жалпы массасы 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу жана ири габариттүү автоунаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана жол министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, чектөө чаралары 1-июндан 1-сентябрга чейин, күн сайын 10:00дөн 20:00гө дейре күчүндө болмокчу.

"Чектөө чаралары эл колдонгон жолдун көпкө чейин сакталуусун камсыз кылуу максатында киргизилди", — деп айтылат маалыматта.

Буйрук төмөнкү автотранспорт каражаттарынын түрлөрүнө тиешелүү эмес:

  • Жүргүнчү ташыгандарга;
  • Гумжардам жеткирген кызматты аткаргандарга;
  • Тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан атайын уруксат алган жүк ташуучу унааларга;
  • Кооптуу жүктөрдү ташыгандарга;
  • Транспорт жана жол министрлигинин жол түзүмдөрүнө;
  • Автожолдорду салуу, реабилитация, реконструкция кылууга тиешеси бар уюмдардын унааларына.

Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Транспорт жана жол министрлигине, ошондой эле ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгына жүктөлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0