COVID-19: вируска каршы турган дагы алты медик оору жуктурду

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүОоруканадагы медицина кызматкерлери
Ооруканадагы медицина кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ооруну жуктургандардын үчөө Бишкектен, экөө Нарын облусунан жана бирөө Ош шаарынан экени айтылды. 

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Кыргызстанда бир суткада алты медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, ооруну жуктургандардын үчөө Бишкектен, экөө Нарын облусунан жана бирөө Ош шаарынан. 

Жалпы жонунан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында 350 учур катталды. 249 медкызматкер айыгып кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0