Зомбулукту токтотолу! Өкмөт эртең балдардын алгачкы онлайн-саммитин өткөрөт

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүБөбөк. Архив
Бөбөк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саммитке 50 бала катышып, ар кыл органдан келгендердин катышуусунда көйгөйлөрүн талкууламакчы. Иш-чаранын жыйынтыгы менен кайрылуулары кабыл алынат.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Эртең, 1-июнда, өкмөт үйүндө балдардын алгачкы онлайн-саммити өтөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта бул жылы COVID-19 пандемиясына байланыштуу Балдарды коргоо күнүн белгилөө онлайн-режимде болору кабарланды.

Иш-чарага вице-премьер-министр Аида Исмаилова менен ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм катышат.

"Саммитке 50 бала катышып, ар кыл түзүмдөрдөгү расмий адамдардын катышуусунда өз көйгөйлөрүн талкууламакчы. Ар бир аймактан алтыдан, Бишкек жана Ош шаарларынан төрттөн бала чыгат. Аларды тандоо критерийи катары гендердик теңдик, өлкөдөгү негизги тилдик топтордун пропорционалдуу өкүлчүлүгү (кыргыз, орус, өзбек жана тажик) каралган. Ошондой эле ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана калктын аялуу катмарына кирген балдар кошулган", — деп айтылат маалыматта.

Саммиттин жыйынтыгында зомбулукту токтотуу үчүн балдардын кайрылуусу кабыл алынат.

Иш-чаранын жүрүшү мамлекеттик телерадиоберүүлөр аркылуу түз эфирден чагылдырылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0