Министр: Бишкек — Оштун ортосунда авиакаттам жумасына бир эле жолу болот

© Sputnik / Табылды КадырбековМанас аэропортундагы учак. Архив
Манас аэропортундагы учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министр Бейшеновдун айтымында, Саламаттык сактоо министрлиги менен "Манас" эл аралык аэропорту алгоритм иштеп чыкты.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Бишкек — Ош авиакаттамы азырынча аптасына бир гана ирет болот. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында транспорт жана жол министри Жанат Бейшенов билдирди.

Буга чейин биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов Кыргызстанда 8-июндан баштап ички рейстердин иши жанданарын айткан эле.

Бейшеновдун айтымында, Саламаттык сактоо министрлиги менен "Манас" эл аралык аэропорту алгоритм иштеп чыкты.

"Жүргүнчүлөр үчүн стационардык тепловизорлор жана дезинфекциялоочу туннелдер орнотулат. Аэропортко кирип жана чыгып бара жатканда ар бир кишинин дене табы өлчөнөт", — деди министр.

Эл көп чогулбашы үчүн аэропортко билети бар адамдар гана киргизилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0