Суунун көлөмү көбөйсө эле сүйүнүп жүрүп өмүрүм өтүптүр. Гидрометеорологдун маеги

© Фото / из личного архива Таалайбека ЧокогуловаГидрометеоролог Таалайбек Чокогулов
Гидрометеоролог Таалайбек Чокогулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргызгидромет" агенттигине караштуу гидропосттордо иштеген гидрометеорологдор өлкөдөгү жалпы суунун өлчөмүн текшерип, өзгөрүү абалын байкап, маалымат берип турушат. Кыргызстанда жалпы 78 гидропост бар.

Үч-Терек гидропостунда 47 жылдан бери иштеп келе жаткан Таалайбек Чокогулов менен Sputnik агенттигинин кабарчысы маек даярдаган.

— Гидрометеоролог кесибин кандайча тандап калдыңыз?

— 1973-жылы мектепти бүтүп, армияга барып келдим. Андан кийин Бишкектеги техникалык училищеден гидрометеоролог кесиби боюнча билим алгам. Убагында бул жакка иштегенге киши жок болгондуктан калып калдым окшойт. Ошондон бери ушул күнгө чейин Үч-Терек гидропостунда гидрометеоролог болуп эмгектенип келе жатам. Быйыл иштегениме 47 жыл болот. Негизи кичинемден ушул тармакка кызыгуум бар экен, ушунча жылдан ошол нерсе гана кармап келди окшойт. Кичинекей чагымда кинолордон шпиондорду көрүп, радист болом деп көп кыялданчумун.

— Кайсы аймактар сиздин карамагыңызда? Постто канча киши иштейт?

— Биздин негизги милдетибиз — суунун агымын ченөө. Башкача айтканда, Нарын дарыясынан Токтогул суу сактагычына секундасына канча суу кирип жатканын ченейбиз. Бул жерге оңой менен кадр келбейт. Ошондуктан өзүм текшерип, жубайым жардамдашат. Сууну дайыма байкап турабыз, кандайдыр бир өзгөрүүнү байкасак, дароо суунун өлчөмүн эсептеп, текшерип чыгабыз. Ага 2-3 саат убакыт кетет. Бир жеринен адашып калсаң кайрадан эсептеп текшерүүгө туура келет. Бул да өтө жоопкерчиликтүү иш. Азыр суунун көлөмү азайганына байланыштуу эртең мененки жана кечки саат сегизде көзөмөл жүргүзөбүз. Табигый кырсыктарга байкоо салып турабыз.

© Фото / из личного архива Таалайбека ЧокогуловаҮч-Терек гидропостунда 47 жылдан бери гидрометеоролог болуп иштеп келе жаткан Таалайбек Чокогулов
Суунун көлөмү көбөйсө эле сүйүнүп жүрүп өмүрүм өтүптүр. Гидрометеорологдун маеги - Sputnik Кыргызстан
Үч-Терек гидропостунда 47 жылдан бери гидрометеоролог болуп иштеп келе жаткан Таалайбек Чокогулов

— Иш оорбу?

— Кыйын эле. Аял кишилердин күчү жетпейт, көбүнчө эркектер иштейт. Башка гидропосттордо биздикиндей оор иш болбосо керек. Биз 240 метр аралыкты алабыз, ар бир 5 метрде бирден ченеп түшүрөбүз. Ылдамдыктын өйдөңкү 0,8-0,2 чектеринен нормасын алабыз. Эсептен жаңылып калбаш керек. Анда туура эмес маалымат жиберип алуу мүмкүн.

— Кыргызстандагы гидропосттордун абалы кандай?

— Негизинен өлкө боюнча 78 гидропост бар. Алардын үчөө автоматташтырылган. Техника абдан өнүгүп жатат. Бардык посттор автоматташтырылса абдан жакшы болмок. Бирок мурдагы жылдарга салыштырмалуу жылдан-жылга технология жаңырып, иш азыраак болсо да оңойлоштурулуп калды. Быйыл да  автоматташтырылган 20 гидропост коюларын айтып жатышат.

—Табигый кырсыктар боюнча алдын ала маалымат берүү жагы да сиздердин милдет да?

— Ооба, мурда майда муздар чогулуп келип, суунун көлгө куя турган кайрылышына топтолуп агымды кысып калганда суунун көлөмү 6-7 метрге чейин көтөрүлүп кетер эле. Азыр андай болбой калды. Табигый кырсыктардын түрү көп. Ага тынбай жааган жамгыр да таасир берип калышы мүмкүн. Баарын борбордук башкармалыкка алдын ала маалымат берип турабыз.

— Дүйнөлүк маалыматтарда 2050-жылга чейин жылдан-жылга күндүн катуу ысый турганы айтылууда. Бул да таасирин берсе керек?

Ысык-Көл геофизикалык полигонунун жетекчиси Кеңешбек Жумабаев - Sputnik Кыргызстан
Сейсмолог Жумабаев: жер титирээрин алдын ала айтууга болот, бирок бир шарт менен
— 2050-жылга чейин дүйнө жүзү боюнча 14 градуска чейин жогорулайт деген божомол бар. Суунун деңгээли аба ырайы менен түздөн-түз байланышта болот. Ошол себептен тынымсыз акмалап турабыз. Негизинен болжолдуу маалыматтарга караганда, 30-40 жылдын бери жагын алсак, Кыргызстандын мөңгүлөрүнүн 30 пайызы жок болуп кеткен экен. Бирок мөңгүлөр боюнча так маалыматты эч ким айта албайт.

— Суунун көлөмү азайып жаткан жокпу?

— Жаз, күз мезгилдеринде аба ырайы туруксуз келет дагы, кышкы чилде менен жайкы саратанда өз нугунда. Дарыядан эң жогоркусу 2000 куб метрге чейин, ал эми эң азы 120 куб метрге чейин кирет. Суунун болжолун маалымат иретинде борбор калаадагы башкы кеңсеге, тагыраагы, кийинки иштетүүгө, талдоого жөнөтөбүз.

Биздин төмөн жагыбызда Токтогул суу сактагычы турат. Анын сыйымдуулугу негизи 19, 5 миллиард куб болушу керек. Кыш мезгилинде Кыргызстанды, Күрп-Сай, Таш-Көмүр, Үч-Коргон жана башка ГЭСтерди электр энергиясы менен камсыз кылат. Өткөн жылдын кыш мезгилинде суу нормадан 12 миллиард куб метрге чейин азайды. Суу сактагычка кирген суунун агымынын божомолу аябай жакшы болгондо 19 миллиард куб метрге жетет. Токтогул суу сактагычка куя турган быйылкы суунун болжолдуу көлөмү 17 же 17 жарым миллиард кубга чейин болот го деп ойлоп турам.

© Фото / Михаил Дудин “Токтогул” суу сактагычына 2020-жылы куя турган быйылкы суунун болжолдуу көлөмү 17 же 17 жарым миллиард кубга жетет деп болжолдоп турам”, - деди Таалайбек Чокогулов
Суунун көлөмү көбөйсө эле сүйүнүп жүрүп өмүрүм өтүптүр. Гидрометеорологдун маеги - Sputnik Кыргызстан
“Токтогул” суу сактагычына 2020-жылы куя турган быйылкы суунун болжолдуу көлөмү 17 же 17 жарым миллиард кубга жетет деп болжолдоп турам”, - деди Таалайбек Чокогулов

— Гидропосттордогу аппаратуралардын абалы кандай?

— 100 килограммдык салмоор Германиянын "Себо" фирмасынан чыгарылган. Негизинен гидропосттогу аппаратар Арал деңизин сактоого байланышкан дүйнөлүк программанын негизинде келген. Ошондо кыймылдаткыч аппараты келбей калган. Ал келсе абдан жакшы болмок эле. Буларга деле 20 жыл болуп калды. Бузулса өзүбүз оңдоп коюп жүрөбүз. Өткөндө эле суу ченеген жабдыктын желбиреги сынып калды. Аны борбордук кеңсеге айтсам, Германиядан алдырууга шайы келген жок. Ошол себептен токардык станокко алып барып, кураштырып жасатып алып иштеп жүрөм. Гидропостко азыр кыймылдаткыч жабдык жана электр менен иштей турган аппарат жетишпейт.

— Посттон сыртка чыкканга мүмкүнбү?

Эл аралык деңгээлдеги таанымал окумуштуулардын бири Талант Рыспаев (солдо) - Sputnik Кыргызстан
Эмгеги медицина, авиация, машина курууда колдонулат. Окумуштуу Рыспаевдин маеги
— Өмүрүмдүн басымдуу бөлүгү ушул постто өттү. Жакында эле телевизордон көлдүн боюнда жашаган абышка-кемпир тууралуу репортаж көрдүм. Ошондо абышканын "бүт өмүрүм ушул жерде өттү, план толтуруш керек десе эле көлдөгү балыктын баарын кармай бериптирмин" дегенин угуп экөөбүздү окшоштурдум. Суунун көлөмү көбөйүп калса эле сүйүнүп жүрүп өмүрүм өтүптүр. Чындыгында 40 жыл гидропосттун жанынан чыкпай иштеп, эч жакка барган жокмун. Эч нерсени деле көрбөптүрмүн. Иш учурунда посттон эч жакка жыла албайсың. Анткени күнүнө жогорку жакка маалымат берип туруу керек. Ушул пост менен өмүрүм өттү. Дем алыш күн эмне экенин билбейбиз. Майрам күнү да иштейбиз.

— Жумушуңуз жаратылыш койнунда болсо, балдарыңыз кайдан билим алды?

— Пост айылдан үч-төрт чакырым алыс жайгашкандыктан, балдарым мектепти постко жакын айылдагы мектептен окуп бүтүштү. Кышкы чилдеде да, жайкы саратанда да жөө барып-келип окушту. Дагы бир кызык жери, биз турган жерди "Күн тийбес" деп коёт. Күн кыскарганда 2-3 эле саат күндүн көзүн көрөбүз. Балдарым да ушундай катаал шартта окушту, бирок жакшы окуп, азыр баары жогорку билимге ээ.

— Сыр болбосо айлыгыңыз канча?

— Сыры деле жок. Он миң сомго жетпеген маяна алам, ал деле тамак-аш, көр тириликтен ашпайт. Ушул кезге чейин кызматтык үйдө жашайм. Өзүмдүн үйүм жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0