БИШКЕК, 1- июнь — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды 1-июнь —Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктап, ар бир баланын өмүрүн жана ден соолугун коргоо — мамлекеттин да, коомдун да милдети экендигин айткан. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Баарыбыз тең биздин өлкөбүздөгү ар бир бала ата-эненин мээримине бөлөнүп, үй-бүлөнүн чөйрөсүндө бактылуу өсүшүнө умтулуубуз керек. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга өзгөчө көңүл бурулат", - деген мамлекет башчы.
"Кымбаттуу балдарым, силерди майрамыңар менен куттуктайм! Биздин кубанычыбыз, биздин үмүтүбүз, жашообуздун мааниси — силерсиңер. Баарыңарга чың ден соолук, жакшы жашоо жана бактылуу балалык каалайм!" - деген президент.
Жээнбеков мамлекеттин келечеги жана коомубуздун бакубатчылыгы балдарыбызды мыкты тарбиялоодон башталарын кошумчалаган.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Кийинки жуманын биринчи күнү, 25-январда, айыл чарбасын камсыздандыруу боюнча жыйын өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги билдирди.
Министр Тилек Токтогазиев тегерек столдун алкагында айыл чарбасын камсыздандырууну өнүктүрүү концепциясын талкуулап, аны ишке ашыруу боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыгуу керектигин айткан.
"Дүйнөдөгү айыл чарбанын динамикалуу өнүгүп жатканын эске алуу менен өндүрүүчүлөр үчүн мамлекеттик деңгээлде шарттарды түзүп берүү керек", — деген Токтогазиев.
Министрлик бардык кызыкдар тараптарды айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган маселелерди талкуулоого чакырды. Ал үчүн 0502 40 39 69 телефон номери же alchynbek.b@gmail.com электрондук дареги аркылуу байланышууга болот.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Кыргызстан Россияга коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасын өлкө аймагында өндүрүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу РФтеги элчилик кабарлады.
Кечээ Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев Россиянын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров менен жолугушкан.
"Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Сагынбаев коронавирустан коргогон "Спутник V" вакцинасын Кыргызстандын аймагында өндүрүүнү уюштуруу мүмкүнчүлүгүн караштырууну сунуштады", — деп айтылат маалыматта.Мындан тышкары, жеңил өнөр жай ишканаларын өнүктүрүүдө жана өлкөдө өндүрүлгөн чийки заттарды экспорттоодо кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланган. Тараптар жакынкы жылдары "өнөр жай картасын" иштеп чыгуу келишимине кол коюшкан.
Россия тарап өнөр жай тармагында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жеңилдетилген насыяларын пайдаланууну сунуштаган.
Мындан сырткары, Россиянын өнөр жай жана соода министри кыргыз тарапты апрель айында Өзбекстанда өтө турган "ИННОПРОМ" эл аралык көргөзмөсүнө катышууга чакырган.