Саны азайбай... Бир суткада дагы 12 медик коронавируска чалдыкты

© Sputnik / Татьяна Макеева / Медиабанкка өтүүКоронавирусту жуктурган бейтаптарга оорукана кызматкери. Архив
Коронавирусту жуктурган бейтаптарга оорукана кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вируска кабылгандардын көбү Бишкек менен Нарын облусунан экендиги белгилүү болду. Ал эми сутка ичинде  үч медкызматкер стационардан айыгып чыккан.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде 12 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Коронавируска анализ жасоо үчүн алынган үлгүлөр - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда өткөн суткада коронавирус 69 адамдан табылды
Ага ылайык, оору жуктургандардын төртөө Бишкектен, алтоо Нарын облусунан, бирөө Ош облусунан жана дагы бирөө Ош шаарынан болуп чыкты.

Ал эми сутка ичинде үч медкызматкер стационардан айыгып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлери арасында 362 учур катталды. Алардын ичинен 252си сакайып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0