УКМК: "Хизбут-Тахрир" уюмунун издөөдө жүргөн активдүү мүчөсү кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековКиши наручник менен. Иллюстартивдик сүрөт
Киши наручник менен. Иллюстартивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалган адамдын жашаган жерин тинтүү учурунда ноутбук, интернет-модемдер, уюлдук телефондор жана сим-карталар табылган.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Ош облусунда "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун издөөдө жүргөн активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынан (УКМК) билдиришти.

"28-майда УКМК тарабынан Ош облусунда коңшу өлкөдө укук коргоо органдары тарабынан экстремисттик мүнөздөгү кылмыштар боюнча издөөдө жүргөн, "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун 49 жаштагы активдүү мүчөсү кармалды. Ал аталган уюмдун эл аралык медиаборборунун активдүү мүчөсү жана Борбор Азия аймагына экстремисттик материалдарды жайылтууга жооптуу болгон", — деп айтылат билдирүүдө.

Сириялык бала АКШнын аскер техникасынын колоннасын карап турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сириялык качкын согушкер АКШ аскерлери "Ислам мамлекети" менен иштешерин айтты
Кармалган адамдын жашаган жерин тинтүү учурунда ноутбук, интернет-модемдер, уюлдук телефондор жана сим-карталар табылган.

Бул материалдар сотко чейинки өндүрүштүн негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси ("Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу") боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам УКМКнын тергөө-камак жайына киргизилди.

Учурда аны мындан ары кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн шериктеш өлкөнүн компетенттүү органдарынын өкүлдөрүнө өткөрүп берүү боюнча маселеси каралууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0