Индиядан Бишкекке 16 кыргызстандык алып келинди. Сүрөт

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Индиядан Бишкекке кыргызстандык жарандар алып келинди. Архив
Индиядан Бишкекке кыргызстандык жарандар алып келинди. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чет өлкөдөн кайтып келгендердин баары тийиштүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жаткырылганы айтылды.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Индиядан Бишкекке чартердик каттам менен 16 кыргызстандык алып келинди. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Индиядан Бишкекке чартердик каттам менен 16 кыргызстандык алып келинди
Индиядан Бишкекке 16 кыргызстандык алып келинди. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Индиядан Бишкекке чартердик каттам менен 16 кыргызстандык алып келинди

Билдирмеге караганда, Air India авиакомпаниясынын Дели-Бишкек чартердик каттамы менен келген мекендештерди "Манас" эл аралык аэропортунан тосуп алышкан.

"Индия тарап менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин бул рейс аркылуу 16 кыргыз жараны мекенге алып келинди. Учурда кайтып келгендердин баары тийиштүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жаткырылды", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин чартердик каттам менен Индиядан 22 кыргызстандык келген.

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1817 болду. Анын ичинен 1181и айыгып, 16сы көз жумган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0