Президент балдар уюмдарына жардам иретинде 1 миллион сом бөлдү. Тизме

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жана Биринчи айым Айгүл Токоева. Архив
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жана Биринчи айым Айгүл Токоева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жээнбековдун атынан балдар уюмдарынан тышкары  КТРКнын "Мээрим" теледолбооруна бардык аймактардан катышкан, ата-энесинен ажыраган жыйырма балага эстеликке белектер тапшырылды.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата оор турмуштук абалга кабылган балдар жана үй-бүлөлөр менен иштеген коммерциялык эмес 10 уюмга 1 миллион каражат бөлдү. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Каражат президенттин резервдик фондунан алынды.

Белгилей кетсек, 2020-жыл  — Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыяланып, президенттин Жарлыгы менен жергиликтүү деңгээлде кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо системасын кеңейтүү каралган.

"Оор турмуштук абалга кабылган балдарга билим берүү, социалдык жана реабилитациялык кызмат көрсөткөн ондогон балдар уюмдарынын ар бирине 100 миң сом суммасында колдоо көрсөтүлдү", — деп айтылат билдирүүдө.

Алар:

  • "Зордук-зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жапа чеккен балдарга жардам берүү борбору" мекемеси;
  • "Балдарды коргоо борбору" коомдук бирикмеси;
  • "Тянь-Шань балдары" коомдук бирикмеси;
  • "Благодать" коомдук фонду;
  • "Жылмаюу" коомдук фонду;
  • "Эне-бала мээрими" коомдук фонду;
  • "Теңир Колдо" майып балдардын ата-энелеринин коомдук бирикмеси;
  • "Ай-Мээри" коомдук бирикмеси;
  • "Ариет" мектепке чейинки (ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар) атайын билим берүү уюму;
  • "Стимул" маалыматтык-кеңеш берүү жана демонстрация борбору" коомдук фонду.

Жээнбековдун атынан бардык аймактардан КТРКнын "Мээрим" теледолбооруна катышкан, ата-энесинен ажыраган жыйырма балага эстеликке белектер тапшырылды.

Мамлекет башчысынын атынан ноутбук түрүндөгү белектерди өлкө региондорунун жетекчилери алып барып берет.

"Теледолбоордун дагы беш катышуучусуна белектерди Жээнбеков өзү тапшырат, алар бүгүн мамлекет башчысы менен жолугушууга чакырылган", - деп билдирди маалымат кызматы.

Эске салсак, жыл сайын дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнү деп белгиленип келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0