Митингдеги кишилер транспаранттар менен. Архив

Соттун имаратынын алдында Атамбаевди колдогон жана айыптаган митинг өтүүдө. Видео

179
(жаңыланган 15:33 01.06.2020)
Митингге чыккандардын бир бөлүгү ураандарды жазып алып, аны жазалоону талап кылышууда. Ал эми башка бөлүгү Атамбаевди колдоп, желек көтөрүп турушат.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Биринчи май райондук сотунун алдында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон жана айыптаган митинг өтүүдө.

Учурда Кой-Таш окуясы боюнча соттук процесс жүрүүдө. Мамлекеттин мурдагы башчысын УКМКнын тергөө абагынан алып келишти.

Ал жерде болгон окуянын сүрөт жана видеосу "Короче" Telegram каналына жарыяланды. 

Митингге чыккандардын бир бөлүгү бир топ ураан жазып алып, аны жазалоону талап кылышууда. Ал эми башка бөлүгү Атамбаевди колдоп, желек көтөрүп турушат. Алардын арасында мурдагы мамлекет башчынын жубайы жана баласы да бар.

Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева социалдык тармакка судья Атамбаевди залдан чыгарды деп жазды.

"Бул чечим анын жактоочуларынын Алмазбек Атамбаевдин тордун ичине отургузууга каршы экендигин айткандыктан улам кабыл алынды. Жактоочулар буга негиз жок дешкен. Судья Атамбаевди сотто коргонуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратты", - деген ал.

Кой-Таш окуясы

Алмазбек Атамбаев 2019-жылы 7-8-августтагы Кой-Таш окуяларынан соң камакка алынган. Учурда Атамбаев сегиз эпизод менен шектелип, УКМКнын тергөө абагында. Бул окуядан бир киши каза таап, 175 адамдын дарыгерлерге кайрылганы белгилүү болгон.

179
Белгилер:
митинг, чечим, судья, жараян, сот, Алмазбек Атамбаев, Кыргызстан
Тема:
Алмазбек Атамбаевдин кармалышы (96)
Тема боюнча
Акыйкатчы абактагы аткаминерлерден кабар алып, Атамбаевдин ден соолугун билди

Кыргыз жерине апаат алып келген коркунучтуу 8 эпидемия. Видео

43
(жаңыланган 16:23 10.08.2020)
Көчмөндөр башка дүйнө эли сыяктуу эле коронавирустан да коркунучтуу ооруларды баштан кечирген. Деген менен биз бул тандоого коронавирусту да киргиздик.

Бүгүнкү заманбап медицинанын тушунда тарыхта ата-бабаларыбыз эпидемиялардан канчалык жапа чеккендигин көпчүлүк элестете албайт. Көчмөн урууларынын өзүнчө жашоосу, керек болсо, тоонун таза абасы да айрым учурда аларды коркунучтуу оорулардан сактай алган эмес.

Карантинден кийин кыргызстандыктар кандай өзгөрөт. Психологдордун пикири

Кара тумоо, чечек, пес оорусу, сифилис, күйдүргү, кургак учук көчмөн элин кыргынга учураткан оорулардын тизмесин толуктабаса да, дал ушул илдеттер адам өлүмүн арбыткан эпидемиялардан болгон.

Бул айтылгандар тууралуу кененирээк билгиңиз келсе, Sputnik Кыргызстандын видеосун көрүңүз.

43
Белгилер:
коронавирус, эпидемия, эл, көчмөн, Кыргызстан
Тема боюнча
Учурда өлкөдө канча адам ооруканада COVID менен күрөшүп жатат? Статистика
Билл Гейтс: бизди коронавирустан дагы чоң алаамат күтүп турат
Аэропорттогу учак. Архив

Эми Кыргызстанга учак менен келип-кеткендер кандай эрежеге баш иет? Алгоритм

72
(жаңыланган 15:46 10.08.2020)
Саналуу күндөрдө Кыргызстандын жарандары чет өлкөлөргө учуп барып келүүгө мүмкүндүк алат. Тагыраагы, Түркия жана Бириккен Араб Эмирлигине (БАЭ) туруктуу авиакаттамдар жандана баштады.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Республикалык штаб эл аралык жана ички авиакаттамдардын жүргүнчүлөрү үчүн иштелип чыккан алгоритмди жарыялады.

Эске салсак, саналуу күндөрдөн кийин Кыргызстандын жарандары чет өлкөлөргө учуп барып келүүгө мүмкүндүк алат. Тагыраагы, Түркия жана Бириккен Араб Эмирлигине (БАЭ) туруктуу авиакаттамдар жандана баштады.

Алардын кызматын пайдаланууда төмөнкү эрежелер сакталышы керек:

  • учуу алдындагы процедуралардын бардык этаптарында жана жүргүнчүлөрдү отургузууга чейин бет кап тагынуу, аралыкты сактоо зарыл;
  • аба кемесинде, аэробекеттик комплекстердин учуп келүү залдарында жүргүнчүлөрдүн термометриясын текшерүү;
  • жүргүнчүлөрдө коронавирус инфекциясына шектенүү болгон учурда анын жанында жайгашкан 6-8 орундагылар обсервацияга жатышат. Андан ары медиктердин байкоосунда болот;
  • байланышта болгон адамдардын чөйрөсүн аныктоо зарыл болгон учурда "Манас" ААК эл аралык аэропорту санитардык-карантиндик пункттардын кызматкерлерине жүргүнчүлөрдүн тизмесин берет;
  • клиникалык белгилери жок жүргүнчүлөр андан ары маршрут боюнча жүрө алышат.

Эл аралык каттамдар жанданууда. Эми кыргызстандыктар сыртка чыга алабы?

Чет элдик жарандар же жарандыгы жок жактар (адистер) КР аймагына иштөөгө келгенде:

  • мамлекеттик чек арадан өтүп жатканда термометриядан өткөрүлөт;
  • клиникалык белгилер байкалган учурда ПЦР-тест алынып, ооруканага жаткырылат;
  • клиникалык белгилери жок адамдар ПЦР-анализ жүргүзүүнүн жыйынтыгын алганга чейин чакырган адамдар тарабынан алдын ала даярдалган жерге барып туруулары керек;
  • ПЦР-анализдери терс чыккан учурда аларга жумушка чыгууга уруксат берилет;
  • чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын (адистердин) обсервациядан өтүүсү, ПЦР-анализ тапшыруусу жана транспорт чыгымы чакырган тараптын эсебинен жүзөгө ашырылат.
72
Белгилер:
коронавирус, эреже, алгоритм, каттам, жаран, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Кыргызстан Түркия менен туруктуу аба каттамдарын жандантты
Кыргызстандан Россияга кетчү каттамдар. Күнү жана шарты
Белоруссияда нааразычылык акциясынын катышуучулары

Лукашенко: митингге чыккандарды чет мамлекеттен туруп көзөмөлдөшкөн

0
(жаңыланган 16:39 10.08.2020)
Түндө президенттик шайлоодон кийин Минскиде башаламандык болуп, кишилер жабыркаган. Айрымдарын күч түзүмдөрү кармап кеткен.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Александр Лукашенко Белоруссияда нааразычылыкка чыккандарды Польша, Британия жана Чехиядагылар башкарып жатканын билдирди. Бул тууралуу Sputnik Белоруссия агенттигинин Telegram-каналы жазды.

Анын айтымында, чет мамлекеттен чалуулар катталган, бирок аларга карабастан шайлоо жогорку деңгээлде өттү.

"Бул майрам да, аны бузгусу келгендер болду. Биз аларды байкадык, көрүнүп эле турду. Чет мамлекеттеги чалууларды каттадык. Польша, Улуу Британия жана Чехиядан чалуулар болгон, алар биздикилерди, кечиресиздер, койлорду башкарышкан. Алар өздөрү эмне кылып жатканын түшүнүшкөн жок, ошон үчүн башкарып алышты да", — деген Лукашенко КМШнын байкоочулар миссиясынын башчысы Сергей Лебедев менен болгон жолугушуусунда.

Эске сала кетсек, Белоруссиядагы президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы менен учурдагы президент Александр Лукашенко атаандаштарын жеңип чыкты.

Минск: ОМОН жоокерлери менен митингчилердин кагылышкан учуру. Видео

Түндө шайлоодон кийин Минскиде башаламандык болуп, кишилер жабыркап, кармалгандар болгон.

Президент аталган өлкөдө беш жылдык мөөнөткө шайланат. Бул сапар өлкө жетекчиси болгон адам 2025-жылга чейин бийлик башында турмакчы. Бул эгемендүүлүк алгандан тарта Белоруссияда өткөн президенттик алтынчы шайлоо.

0
Белгилер:
нааразычылык акциясы, шайлоо, президент, Александр Лукашенко, Белоруссия
Тема боюнча
38 жашта. Лукашенкодон тизгин талашкан Тихановскаянын таржымалы