Бишкекте 1-июндан баштап иштей баштаган тармактардын тизмеси

© Sputnik / Сергей Мамонтов / Медиабанкка өтүүТиричилик техника дүкөнү. Архив
Тиричилик техника дүкөнү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Карантиндик чектөөлөрдөн улам жабылган компаниялар 1-майдан тарта акырындык менен ишин кайрадан жанданта баштады. 1-июндан тарта дагы бир канчасы кардарларга эшигин ачат.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Бишкек шаарынын вице-мэри Азиз Алымкулов борбор калаада 1-июндан баштап кайсы тармактар ишке кирерин айтып берди.

Алар:

  • Элдик керектөө товарларын жана азык-түлүк товарларын өндүрүү, сатуу боюнча иш-аракеттердин бардык түрлөрү;
  • Тиричилик тейлөө чөйрөсүндөгү иш-аракеттердин бардык түрлөрү;
  • Аудитордук жана консалтингдик компаниялар;
  • Жарнамалык агенттиктер;
  • Туристтик жана рекреациялык объектилер (эс алуу үйлөрү, пансионаттар, тарыхый объекттер), жеке унааларда жүрүү шарттарында;

Карантиндик чектөөлөрдөн улам жабылган компаниялар 1-майдан тарта акырындык менен ишин кайрадан жанданта баштады. 1-июндан тарта дагы бир канчасы кардарларга эшигин ачат.

Жаңылыктар түрмөгү
0