Нарында коронавирус аныкталган бир аял көз жумду

© REUTERS / HANNAH MCKAYБейтаптын колун кармап турган дарыгер. Архив
Бейтаптын колун кармап турган дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
79 жаштагы аялдын кант диабети сыяктуу өнөкөт оорулары болгон. Вирус жуктуруп алгандан кийин илдеттер козголуп кеткени айтылды.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Өткөн сутка ичинде Нарын облустук ооруканасында 79 жаштагы аял киши COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

"Маркум Нарын облустук ооруканасына 13-майда инсульт илдетинен дарылануу үчүн жаткырылган. Кийин коронавирус аныкталып, 29-майда госпиталга которулган. Кан басымы жогору болуп, пневмониясы күчөгөн соң жасалма дем алдыруу аппаратына туташтырылган. Тилекке каршы, 1-июнь күнү жүрөгү токтоп калды”, — деди Үсөнбаев.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1845ке жетип, анын ичинен 1219 бейтап айыкты. Тилекке каршы, коронавирус 17 адамдын өмүрүн алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0