Индиядан бүгүн учуп келген кыргызстандыктар обсервацияга алынды

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүВылет иностранных граждан из Москвы в Нью-Йорк и Нур-Султан
Вылет иностранных граждан из Москвы в Нью-Йорк и Нур-Султан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каттам Индия тарабынан уюштурулуп, Кыргызстандагы өз жарандарын алып кетүүнү көздөйт. Чет жактагы мекендештерди Кыргызстанга кайтаруу иш-чаралары улантылууда.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Бүгүн "Манас" эл аралык аэропортуна Air India авиакомпаниясынын Дели — Бишкек — Дели каттамы менен алты кыргызстандык келип конду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Маалыматта рейс Кыргызстандагы индиялык жарандарды алып кетүү үчүн Дели тарабынан уюштурулганы айтылат. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө аталган өлкөдөгү алты кыргызстандыкты ала келүү макулдашылган.

"Келгендердин баары обсервацияга алынды. Чет жакта жүргөн мекендештерди кайтаруу аракети мындан ары да улантыла бермекчи", — деп жазылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, 1-июнда Минск шаарынан Европа мамлекеттеринде жүргөн 179 кыргызстандык кайтып келди.

Жаңылыктар түрмөгү
0