Министрлик бүтүрүүчүлөр аттестатты акысыз аларын эскертти

© Sputnik / Жоомарт УраимовСреднее общее образование в Кыргызстане
Среднее общее образование в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мектеп жетекчилери жана башка билим берүү өкүлдөрү аттестат үчүн акча талап кылууга укугу жок.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Кыргызстанда мектеп бүтүрүүчүлөрү аттестаттарын акысыз алат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, мектеп жетекчилери жана башка билим берүү өкүлдөрү аттестатка акча талап кылууга укугу жок.

"Бул боюнча шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн адистерине эскертилип, түшүндүрүү иштери жүрдү. Эгер аттестат жоголуп кетсе же башка бир себептерден улам керек болуп калса, дубликатты 41 сомго, сырты менен кошкондо 61 сомго алса болот", — деп айтылат маалыматта.

Эпидемиологиялык кырдаалдан улам министрлик басмакана менен биргеликте документтерди облустук билим берүү борборлоруна жеткирип берерин кошумчалады.

Эске салсак, бүтүрүүчүлөр аттестаттарын 18-20-июнда алып калышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0