Кыргызстандын улуттук электр тармактары ишканасынын Нарындагы энергетиктери 3000 метр бийиктиктеги кар тоңгон Сары-Кыр ашуусуна чыгып барып, электр өткөрүүчү линияны оңдошту

Кар жаткан ашууда электриктер үч күн иштеп, бузулган линияны оңдоду. Сүрөт

616
(жаңыланган 13:29 02.06.2020)
Сары-Кырга жетиш үчүн жолду тазалоого эки күн кеткен. Ал эми электр линиясынын иштен чыгып калган жерин электриктер үч күн издеген.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасынын Нарындагы энергетиктери 3000 метр бийиктиктеги кар тоңгон Сары-Кыр ашуусуна чыгып барып, электр өткөрүүчү линияны оңдошту. Бул туурасында аталган компаниянын маалымат кызматынан кабарлашты.

  • Сотрудники НЭСК во время ремонта высоковольтных линий электропередач на перевале Сары-Кыр
    Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ишканасынын Нарындагы энергетиктери 3000 метр бийиктиктеги кар тоңгон Сары-Кыр ашуусуна чыгып барып, электр өткөрүүчү линияны оңдошту
    © Фото / пресс-служба НЭСК
  • Сотрудники НЭСК во время ремонта высоковольтных линий электропередач на перевале Сары-Кыр
    Бузулган тилке Нарын, Жалал-Абаддын жогорку кубаттуу электр тармактары ишканасына карайт
    © Фото / пресс-служба НЭСК
  • Сотрудники НЭСК во время ремонта высоковольтных линий электропередач на перевале Сары-Кыр
    Урумбаш-Жетиген деп аталган 110 кВт бөлүгү марттын соңунда эле катуу шамал менен борошологон кардын кесепетинен иштен чыкканы айтылды
    © Фото / пресс-служба НЭСК
  • Сотрудники НЭСК во время ремонта высоковольтных линий электропередач на перевале Сары-Кыр
    Бул ишке атайын беш техника жана аталган ишкананын Нарындагы филиалынын бригадасы тартылган.
    © Фото / пресс-служба НЭСК
1 / 4
© Фото / пресс-служба НЭСК
Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ишканасынын Нарындагы энергетиктери 3000 метр бийиктиктеги кар тоңгон Сары-Кыр ашуусуна чыгып барып, электр өткөрүүчү линияны оңдошту

Бузулган тилке Нарын, Жалал-Абаддын жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасына карайт. Урумбаш-Жетиген деп аталган 110 кВт бөлүгү марттын соңунда эле катуу шамал менен борошологон кардын кесепетинен иштен чыкканы айтылды.

"Ашууга аба ырайынын катаал шартынан улам жетиш кыйын болуп, жай келип катып калган кар катмарлары бир аз жибий баштаганда электриктер ишти баштаган. Сары-Кырга жетиш үчүн жолду тазалоого эки күн кетти. Ал эми электр линиясынын иштен чыгып калган жерин үч күн издеп, кечээ, 1-июнда, Урумбаш-Жетиген кайрадан иштей баштады", — деп айтылат маалыматта.

Бул ишке атайын беш техника жана аталган ишкананын Нарындагы филиалынын бригадасы тартылган.

616
Белгилер:
кар, оңдоо, Нарын облусу, Кыргызстан
Тема боюнча
Жарыксыз калтырып, кайра отун жарып берген электриктин окуясы. Аялдын алкышы
Медицинский работник готовит укол на одном из дневных стационаров в Бишкеке, где оказывают помощи населению на амбулаторном уровне.

Февраль айынан бери 16 миңден ашык медицина кызматкери атайын окуудан өттү

7
COVID-19га экспресс-тестирлөө, ПЦР-изилдөө жүргүзүү, аналитика боюнча саламаттык сактоо уюмдарынын лабораториялык бөлүмдөрүнүн 326 адиси окутулган.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Кыргызстандагы 16 миңден ашык медицина кызматкери COVID-19га каршы күрөшүү боюнча уюштурулган атайын окуудан өттү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коронавирусту алдын алуу, дарылоо, диагноз чыгаруу, коопсуздук чаралары, инфекциялык көзөмөл маселелери тууралуу медицина кызматкерлери үчүн аралыктан жана көчмө курстар өткөрүлгөн.

Силерсиз ооруну жеңе албайбыз! Боронов медициналык билими барларды ишке чакырды

"Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун базасында 5-февралдан 6-июлга чейин 16 миң 422 адис окуудан өттү. Алардын ичинен 8936 кызматкер аралыктан окутуу курстарына катышса, 7506 ак халатчан жер-жерлерде уюштурулган семинарларга барган. Окутууга катышкандардын ичинде 3038 дарыгер, 3759 медайым, 70 ординатор жана 639 кенже жана башка персоналдын адистери бар", — деп жазылган штабдын маалыматында.

COVID-19га экспресс-тестирлөө, ПЦР-изилдөө жүргүзүү, аналитика боюнча саламаттык сактоо уюмдарынын лабораториялык бөлүмдөрүнүн 326 адиси окутулду.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышыңыздар.

7
Белгилер:
окутуу, дарыгер, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Облустар ооруну оздуктоого кандай даярдык көрүүдө. Ачылган стационарлар
Боронов: COVID менен күрөшкөн медиктер 72 миң сомго чейин кошумча акы алат
Рентгенде чыккан өпкөнүн сүрөтүн компьютерден көргөзүү. Архивдик сүрөт

Рентгендин жыйынтыгы менен дарыланса болобу? Министрликтин жообу

135
(жаңыланган 11:15 08.07.2020)
Айнура Акматованын айтымында, азыркы тапта министрлик рентген изилдөө жүргүзүү боюнча медиктерди окутууларды өтүп жатат.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Рентгендин жыйынтыгы менен бейтаптарды дарылай берсе болот. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова маалымдады.

Брифинг учурунда модератор "Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору жана күндүзгү стационарлар компьютердик томографиянын сүрөтү жок көрүшпөйт экен. Жеке менчик лабораторияларда компьютердик томографиянын акысы кымбаттады. Анын үстүнө ал жакта вирус жуктуруп алуу коркунучу бар. Айрым медиктер рентгендин жыйынтыгы жетиштүү экенин айтууда. Бул маселеге комментарий берип коесузбу?" деген суроону узаткан.

Бишкекте эртеңден тарта дагы төрт стационар ишке кирет. Дареги

"Көпчүлүк медиктер азыр компьютердик томографияга жиберишүүдө. Айрым жарандар ал жакка өздөрү барып текшерилип жатышат. Ошол себептен ал жакта узун кезек пайда болууда. Азыркы тапта министрлик рентген изилдөө жүргүзүү боюнча медиктерге окутууларды өтүп жатат. Тилекке каршы, бардык стационарларда компьютердик томография жүргүзүү мүмкүн эмес. Ошондуктан рентген изилдөөнүн жыйынтыгы менен бейтапты дарылай берсе болот", — деди Акматова.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 8 486га жетти. Анын ичинен 2 983ү айыгып, 112 адам көз жумду. Ал эми пневмония дартынан бир суткада 44 адам каза болуп, жалпы саны 268ге жетти.

135
Белгилер:
текшерүү, окутуу, өпкө, рентген, томография
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Бишкекте эртеңден тарта дагы төрт стационар ишке кирет. Дареги
Бир күндө пневмониядан 44 адам каза болуп, жалпы саны 268ге жетти
Өлкөдө бир суткада 345 адам COVID жугузуп алганы аныкталды