Маданият министри ооруп жаткан Малик Аликеевден кабар алды. Сүрөт

© Фото / Пресс-служба МКИТ КРБелгилүү ырчы, аткаруучу Малик Аликеев менен маданият министри Азамат Жаманкулов видео аркылуу байланышты
Белгилүү ырчы, аткаруучу Малик Аликеев менен маданият министри Азамат Жаманкулов видео аркылуу байланышты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаманкулов ырчынын өзгөчө талантын эске алуу менен Маданият министрлиги аны мамлекеттик сыйлыкка көрсөтө тургандыгын айткан.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Белгилүү ырчы, аткаруучу Малик Аликеев менен маданият министри Азамат Жаманкулов видео аркылуу байланышып, ден соолугунан кабар алды. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.

© Фото / Пресс-служба МКИТ КРМинистр культуры, информации и туризма Азамат Джаманкулов сегодня, 2 июня, встретился с Маликом Аликеевым, мастером искусства, известным кыргызскому народу за его уникальный талант.
Белгилүү ырчы, аткаруучу Малик Аликеев менен маданият министри Азамат Жаманкулов видео аркылуу байланышып, ден соолугунан кабар алды - Sputnik Кыргызстан
1/2
Белгилүү ырчы, аткаруучу Малик Аликеев менен маданият министри Азамат Жаманкулов видео аркылуу байланышып, ден соолугунан кабар алды
© Фото / Пресс-служба МКИТ КРМинистр культуры, информации и туризма Азамат Джаманкулов сегодня, 2 июня, встретился с Маликом Аликеевым, мастером искусства, известным кыргызскому народу за его уникальный талант.
Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты - Sputnik Кыргызстан
2/2
Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты
1/2
Белгилүү ырчы, аткаруучу Малик Аликеев менен маданият министри Азамат Жаманкулов видео аркылуу байланышып, ден соолугунан кабар алды
2/2
Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты

Ал ырчынын саламаттыгы, жакынкы аралыкта өтө турган операциясы жана чыгармачылыгы тууралуу сүйлөшкөн.

"Сүйлөшүп жатканда министр Маданият министрлиги ырчынын өзгөчө талантын эске алуу менен мамлекеттик сыйлыкка көрсөтө тургандыгын айтты", —  деп жазылган маалыматта.

Аликеев Таласта болгондугуна байланыштуу, кабар алуу WhatsApp аркылуу жүргүзүлүп, ага министрдин орун басары Кайрат Иманалиев да катышкан.

Эске салсак, ооруп жаткан Малик Аликеев менен Sputnik Кыргызстан агенттиги байланышып, ден соолугун, абалын билген.

Ырчы бул күндөрү ооруп, баса албай төшөктө жаткандыгын айтып берген.

"Азыр ооруп, баса албай төшөктө жатам. Мындан төрт жыл мурда бутума операция жасаткам. Андан кийин атайын жабдуу (ходунок — ред.) менен басып жүрүп жакшы болуп кеткем. Бир жолу кышында тепкичтен жыгылып кетип, операция болгон жерге доо кетип калыптыр. Ошондон кийин баса албай калдым. Эми, буюрса, жакында кайра операция жасатам. Негизи ушул жылдын март айында жасалмак, бирок кальцийим нормадан аз болуп, улам жылып калууда", — деген Аликеев.

Малик Аликеевге операцияны белгилүү хирург-ортопед Сабырбек Жумабеков жасай турганы айтылууда. Дарыгердин айтымында, ал буга чейин да Аликеевге кашка жилик менен жамбаштын ашташкан жерине (эки жагына тең) операция жасап берген экен.

Жаңылыктар түрмөгү
0