Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов

Мирзахмедов: Чаткал району COVID-19дан толугу менен тазаланды

(жаңыланган 16:08 02.06.2020)
Чаткал району Ат-Башы  району сыяктуу Кыргызстандагы COVID-19 массалык түрдө табылган аймактардын бири болгон.

БИШКЕК, 2-июн.— Sputnik. Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы коронавирус жуктуруп алган бейтаптардын баары айыгып, район тазаланды. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов брифинг учурунда билдирди.

Буга чейин аталган райондо жалпы 38 кишиден коронавирус табылган. Анын баары Каныш-Кыя айылынын тургундары болгон.

"Коронавирус Чаткалда массалык түрдө катталган. Бактыга жараша, ал жакта учурда абал турукташып, вирус жуктурган бейтаптардын баары айыгып, үйлөрүнө чыгарылды", — деди Мирзахмедов.

Буга чейин биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов Чаткалдагы Каныш-Кыя айылында коронавирус табылганын айтып, бийлик ооруну убагында токтотуп калууга жетишкенин кошумчалаган.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылган. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районуна кошулуп Чаткалдын Каныш-Кыя айыл аймагына да карантин жарыяланган.

Белгилер:
тазалоо, бейтап, коронавирус, Нурболот Мирзахмедов, Чаткал, Жалал-Абад
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (1601)
Тема боюнча
Айтканды укпай. Россиядан "Жүк-200" коштоп келген адам 31 кишиге жолуккан
Бишкектеги Өлбөс полк акциясы. Архив

Башкы санитардык дарыгер: быйыл Бишкекте "Өлбөс полк" жүрүшү өтпөйт

(жаңыланган 13:36 23.04.2021)
Дарыгердин айтымында, "Өлбөс полк" жүрүшүн токтотууга шаарда эпидемиологиялык абалдын начарлап бара жатканы себеп болууда.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Быйыл Бишкекте "Өлбөс полк" жүрүшүнө уруксат берилген жок. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан редакциясына борбор калаанын башкы санитардык дарыгери Кубан Кундашев билдирди.

Анын айтымында, акцияны өткөрүүгө тыюу салуу чечимин шаардык Эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссиясы кабыл алды.

Кундашев эске салгандай, быйыл Бишкек шаарынын күнү (29-апрель) жана Жеңиш майрамы (9-май) массалык түрдө майрамдалбай турган болгон.

 Главный врач Центра санэпидемнадзора Бишкека Кубан Кундашев выступает на брифинге
© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19
Борбор калаанын башкы санитардык дарыгери Кубан Кундашев
"Вирус жугузгандардын саны өсүп бара жатат. Мындан тышкары, Саламаттык сактоо министрлиги май жана июнь айында коронавирустун үчүнчү толкуну болот деп божомолдоодо. Массалык иш-чараларга уруксат берип койсок, санитардык эрежелер бузулушу мүмкүн", — деди дарыгер.

Ал эми Россияда "Өлбөс полк" жүрүшүн эки форматта өткөрүү каралып жатат. Алгачкысы 9-майда онлайн-форматта, экинчиси 24-июнда реалдуу форматта өтүшү мүмкүн.

Белгилер:
Кубан Кундашев, "Өлбөс полк" акциясы, Бишкек
Улуу тоолор басмаканасы кол өнөрчү Айдай Асангулованын Элечек китеби

Салттуу баш кийимди даңазалаган "Элечек" китеби улуттук сынактан баш байге алды

(жаңыланган 13:36 23.04.2021)
"Элечек" китеби — сүрөтчү дизайнер Айдай Асангулова башында турган "Кийиз дүйнө" коомдук фондунун көп жылдан бери чогулткан эмгегинин жыйынтыгы.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. "Улуу тоолор" басмаканасы сүрөтчү дизайнер Айдай Асангулованын "Элечек" китебин басып чыгарганы үчүн "Китеп искусствосу" сынагынан баш байгени алды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине сыйлык ээлери маалымдады.

Руководитель проекта Кийиз дүйнө — көчмөн руху Айдай Асангулова со своей книгой Элечек занявшим первое место в национальном конкурсе Искусство книг
© Фото / Доолот Рысбаев
"Улуу тоолор" басмаканасы кол өнөрчү Айдай Асангулованын "Элечек" китебин басып чыгарганы үчүн "Китеп искусствосу" сынагынан баш байгени алды

Алардын айтымында, аталган улуттук сынак типографиялар арасында өткөрүлгөн. Басма баш байгени "Алтын мукаба" номинациясында алган. Иш-чара жылда уюштурулат.

Книга руководителя проекта Кийиз дүйнө — көчмөн руху Айдай Асангуловой Элечек занявшее первое место в национальном конкурсе Искусство книг
© Фото / Доолот Рысбаев
"Элечек" китеби — кол өнөрчү Айдай Асангулова башында турган "Кийиз дүйнө" коомдук фондунун көп жылдан бери чогулткан эмгегинин жыйынтыгы

"Элечек" китеби — сүрөтчү дизайнер Айдай Асангулова башында турган "Кийиз дүйнө" коомдук фондунун көп жылдан бери чогулткан эмгегинин жыйынтыгы. Аталган фонд кыргыздын салттуу элечегин жайылтуу максатында иштеп, аялдардын баш кийимин ийне-жибине чейин изилдеп келе жатат. Аталган китепте 20 элечектин түрү, алардын келип чыгуу тарыхы менен кошо башка да салттуу кийимдер тууралуу маалыматтар бар. Эмгектеги маалыматтар көздүн жоосун алган сүрөттөр менен коштолгон. Китеп кыргыз, орус, англис тилдеринде чыккан.

Белгилер:
басмакана, эмгек, сынак, китеп, элечек
Тема боюнча
Кыргыз аялынын ич кийиминен сырт кийимине чейин. Көчмөн модасынын сырлары