Онкология борборунда коронавирус жуктуруп алгандар четинен айыгууда

© Sputnik / Денис Абрамов / Медиабанкка өтүүДарыгер. Архив
Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оорукана жетекчисинин айтымында, коронавирус жалпы жонунан 19 кишиден аныкталган. Сегиз бейтап учурда дарылануусун улантып жатат.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Онкология жана гематология улуттук борборунун балдар бөлүмүндө коронавирус жуктуруп алган 11 киши айыкканын Sputnik Кыргызстан агенттигине ооруканадан билдиришти.

Вирус жалпысынан 19 кишиден аныкталган. Сегиз бейтап ушу тапта дарылануусун улантып жатат, алардан инфекция бир жума мурун табылган.

Бейтаптын колун кармап турган дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Нарында коронавирус аныкталган бир аял көз жумду
Сакайгандардын бешөө — бир медик, эки бала жана аны караган эки ата-эне үйгө чыгарылды. Бейтап балдар негизги илдети боюнча химиотерапия курсун алышкан. Коронавирустан айыккан калган балдар онкологиялык дартынан дарылануусун улантышы керек. 11 кишинин кайталап тапшырган анализи таза чыккан.

Эскерте кетсек, аталган ооруканадан коронавирус 20-май күнү аныкталып, бөлүмдөгү 14 киши COVID жуктуруп алганы айтылган.

22-май күнү саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев инфекция небересин карап жаткан аялдан тараганын билдирген.

Борбордо тиешелүү аракеттер көрүлүп, биринчи кабатында атайын стационар уюштурулган болчу. Экинчи кабатта коронавирустан таза кызматкерлер, бейтаптар жайгаштырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0