COVID-19: мобилдик бригада кыдырып чыккан Бишкектеги конуштардын тизмеси

© Sputnik / Николай Хижняк / Медиабанкка өтүүМобилдик бригада. Архив
Мобилдик бригада. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгерде Бишкек шаарынын жашоочусу коронавирус боюнча өзүнөн шектенип жатса, 118 номерине чалышы керек.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Бишкек мэриясы мобилдик бригадалар борбордогу бир нече конуштарды кыдырып чыкканын кабарлады.

Бригадалардын курамы медицина кызматкерлеринен, квартал жана үй комитеттеринин жетекчилеринен турат.

Өткөн жекшембиде алар Арча-Бешик, Ак-Өргө, Ак-Ордо, Көк-Жар, Кара-Жыгач, Рухий-Мурас, Алтын-Ордо,  Ак Босого, Көлмө, Калыс-Ордо,  Алтын-Казык, Учкун, Бакай-Ата, Эне-Сай, Дордой, Ак-Бата жана Ак-Тилек конуштарын кыдырып чыккан.

"Бул иштер алгоритм менен жүргүзүлөт. Үйгө эч кимиси кирбейт, абалын, өзүн кандай сезип жаткандыгын сурашат. Андан сырткары кайсы бир жери ооруп жаткан болсо, атайын тизме түзүлөт", — деп айтылат маалыматта.

Мэриядан коронавирус боюнча өзүнөн шектенип кайрылган учурлар бар экендигин айтышты. Адамдар өзүн-өзү дарылаган фактылар кездешкен.

Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Онкология борборунда коронавирус жуктуруп алгандар четинен айыгууда
Шаар бийлиги мындай учурда 118 номерине чалууну жана ал 8:00дөн 19:00гө чейин иштээрин маалымдады. Эгерде эт ысып, жөтөлүп, демигип же коронавирус жуктурган адам менен байланышып калса да кабарлоо керек.

"Ал жерге медиктерден турган ыкчам бригада барып, ПЦР-анализ үчүн мазок алып кетет. Буга эч кандай акча төлөнбөйт, баары бекер", — деп билдиришти мэриядан.

Кыргызстан боюнча коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1845ке жетип, анын ичинен 1219 бейтап айыкты. Тилекке каршы, коронавирус 17 адамдын өмүрүн алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0