Башкаларды да сыйлагыла. Фараны туура күйгүзүү боюнча айдоочуга 7 эреже

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүТүнкүсүн жолдогу унаалар. Архив
Түнкүсүн жолдогу унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдоочу жарыкта кайсы учурда фарасын сөзсүз жандырышы керек? Башкаларды тоготпой калк жашаган аймактарда фарасынын алыскы жарыгын күйгүзүп алгандарга канча айып пул салынат? Ушул жана башка суроолорго жоопторду Sputnik агенттигинен табасыздар.

Кечкисин, караңгы жерлерде автоунаанын фарасын туура күйгүзүүдөн көп нерсе көз каранды. Кокус калк жашаган аймактарда, автоунаалар каттаган жерде жакынкы жарыктын ордуна алыскы жарыкты күйгүзүп алсаңыз, кырсыкка себепкер болуп калышыңыз толук ыктымал.

Sputnik Кыргызстан айдоочуларга пайдалуу маалыматтарды, суроо жараткан жол эрежелерин аныктап, зарыл болгон кеп-кеңештерди берип туруу максатында атайын рубрика ачкан. Бул ирет фараларды колдонууда айдоочулар үчүн эреже, тартиптерди тизмектеди.

Жакынкы жарыкты караңгыда кайсы учурда колдонуу керек?

  • Эгер жол жарык болсо, калктуу конуштарда автоунаанын жакынкы жарыгын эле күйгүзүп коюу жетиштүү;
  • Каршы тилкеде келе жаткан транспорт каражатына 150 метр жакын калганда сөзсүз жакынкы жарыкты күйгүзүп коюу керек. 150 метр калганда эле алыскы жарыкты жакынкыга алмаштырбай каршы келе жаткан транспорттун да белгисин караш керек. Эгер ал фараларын бат-баттан күйгүзүп-өчүрсө, демек, сиздин фара ага тоскоолдук кылып жатат. Андыктан алыскыны жакынкы жарыкка алмаштырып коюңуз;
  • Көз уялып кеткен учурда айдоочу авариялык жарык сигнализациясын күйгүзүүгө жана жүрүп келе жаткан тилкесин өзгөртпөстөн ылдамдыкты азайтып, токтоого тийиш.

Габарит жарыктар кайсы учурда күйүп турушу керек?

Патрулдук милициянын кызматкери Бишкектеги көзөмөл өткөрүү пунктунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Инспектор тоссо карайлап калбаңыз! Айдоочунун башын ооруткан 9 суроого жооп
Габарит жарыктар караңгыда жолдун жарыгы жок аймактарга токтогондо же токтоп турган учурда күйүп турушу керек. Ошондой эле айлана жакшы көрүнбөгөн шартта да автоунаанын габарит жарыктарын жандырып койгон оң. Тегерек жакшы көрүнбөгөн кезде габарит жарыктар эле эмес, жакын жарыктын фаралары, унаанын алдында жана арт жагында жайгашкан туманга каршы фаралар, ошондой эле фонарлар күйгүзүлүүгө тийиш.

Шашпай келе жатканын билдирүү үчүн күндүз транспорттун кайсы түрү жакынкы жарыкты күйгүзүп алуусу кажет?

  • мотоциклдер жана мопеддер;
  • уюшуп, колонна болуп бараткан транспорттор;
  • карама-каршы агым менен атайын бөлүнгөн тилкеде бара жаткан транспорт;
  • балдардын тобун ташыган автобус же жүк ташуучу автоунаалар;
  • ири габариттүү жана өтө оор жүк ташыгандар;
  • механикалык транспорт каражаттарын сүйрөткөндөр.

Жарыкта автоунаалар кайсы учурда жакынкы жарыгын сөзсүз күйгүзүшү керек?

Калктуу конуштардан сыртка чыгары (мисалы, айланма жолдор, трассалар) менен бардык транспорт каражаттары фаранын жакынкы жарыгын күйгүзүп коюшу керек.

Фара, жарык менен кандай учурда эмне белгилер берилет?

ДТП в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жадыбалдай жатта! Жол кырсыгына кабылган айдоочу көрө турган 5 чара
Эгерде күн жарыкта артта келе жаткан айдоочу фарасын бир нече жолу өчүрүп-күйгүзсө, анда ал жол сурап жаткандагы белгиси. Мындай учурда унааны өткөрүп жиберсе болот. Ал эми караңгыда жол сурагандар же озуп кетүүнү каалаган айдоочулар алыскы жарыктан жакынкы жарыкка өчүрүп-күйгүзөт.

Эгерде сиз жол сураган унаага жол бошотуп бере турган болсоңуз, сигнал басып отурбай фараны тез-тезден өчүрүп-күйгүзүп койсоңуз, ал унаа өтүп кетет. Анткени жарыктын өчүп-күйүшү сиздин "макул, өтө бер, өтүп кет" дегениңизди түшүндүрөт.

Прожектор-фарасын жана издөө-фарасын калктуу конуштардан тышкаркы жерде гана пайдаланууга уруксат берилет. Калктуу конуштарда мындай фараларды оперативдүү жана атайын кызматтардын айдоочулары кызматтык тапшырманы аткаруу учурунда гана колдоно алат.

Айдоочуларга фара кандай учурда тоскоолдук жаратат?

Калктуу конуштарда, автоунаа көп жүргөн аймактарда кечкисин фаранын алыскы жарыгын күйгүзүп алгандар башкаларга бир топ тоскоолдук жаратып, ал тургай кырсыкка себеп болушу мүмкүн. Анткени каршы тилкеде келе жаткан автоунаа алыскы жарыктын чагылышуусунан улам көзү уялып көрбөй калат. Ошондой эле инспекторлор Кытайдан чыгарылган лампалар да айдоочуларга тоскоолдук жаратып келерин айтып, аларды колдонбой эле коюуга чакырды.

Фараларды туура эмес колдонгондорго канча айып салынат?

Фараларды туура эмес колдонгон учурда айдоочуларга 1000 сомдон айып пул каралган. Башкача айтканда, тышкы жарык берүүчү приборлорду же болбосо эскертүүчү сигналдарды пайдалануу эрежелерин бузгандарга 1-категориядагы айып пул салынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0