Кургатылган өрүк. Архив

Ичегинин иштөөсүн кайсы азыктар жакшыртат? Дарыгердин кеңеши

449
(жаңыланган 11:37 03.06.2020)
Дарыгердин айтымында, биринчи кезекте суюктукту мүмкүн болушунча көбүрөөк ичүү керек. Адам сууну өзүн-өзү кыйнап ичпеши керек, суусунун кандырса эле жетиштүү.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Россиялык диетолог жана эндокринолог Альбина Комиссарова ичегинин иштөөсүн жакшыртуу үчүн эң оңой ыкмаларды атады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Дарыгердин айтымында, биринчи кезекте суюктукту мүмкүн болушунча көбүрөөк ичүү керек. Адам сууну өзүн-өзү кыйнап ичпеши керек, суусунун кандырса болот.

Баса белгилей кетчү жагдай, суусундук деп таттуу ширелерди колдонуу болбойт. Эң жакшысы кадимки эле таза суу.

"Мындан сырткары, күнүнө 50 грамм сулу боткосу, жети-сегиз даана кургатылган өрүк, жаңгактан бир ууч, буурчак жана бир аз жашылча-жемиш жесе жетиштүү", — деди дарыгер.

Ошондой эле пробиотиктер ичегинин микрофлорасын жакшыртып, витамин бөлүп чыгарууга, иммунитет бекемдөөгө да көмөктөшөт.

Пробиотиктер биокефирде, айрым биойогурттардын курамында бар. Ошондой эле туздалган бадыраңда, ачытылган капустада, сырдын гауда, моцарелла, чеддер деп аталган түрлөрүндө да көп экени айтылды.

449
Белгилер:
ден соолук, ичеги, кеңеш, дарыгер, диетолог
Тема боюнча
Тамакты кыйнайт. Дарыгер чоң киши жумасына канча балмуздак жесе болорун айтты
Медайым ооруканада. Архивдик сүрөт

Коронавирустан 67 бейтап айыгып ооруканадан чыгыралды

6
(жаңыланган 10:25 08.07.2020)
Бишкектен 16, Чүй облусунан 18, Ош шаарынан 18, Ош, Жалал-Абад облусунда төрттөн, Нарын облусунан беш, Баткен облусунан эки адам сакайган.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Коронавирустан 67 бейтап айыгып ооруканадан чыкты. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Коронавирус бир суткада 13 адамдын өмүрүн алды

Анын айтымында, Бишкек шаарынан 16, Чүй облусунан 18, Ош шаарынан 18, Ош, Жалал-Абад облусунда төрттөн, Нарын облусунан беш, Баткен облусунан эки адам сакайып чыгарылды.

Ушуну менен оорудан айыккандардын жалпы саны 2 983 болду.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышыңыздар.

6
Белгилер:
коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Акыркы суткада дагы 62 медиктен коронавирус чыкты
Бир күндө пневмониядан 44 адам каза болуп, жалпы саны 268ге жетти
Өлкөдө бир суткада 345 адам COVID жугузуп алганы аныкталды
Беткапчан медик. Архивдик сүрөт

Акыркы суткада дагы 62 медиктен коронавирус чыкты

7
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлери арасында 1 287 учур катталды.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Бир сутка ичинде өлкө боюнча 62 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

  • Бишкек шаары – 23;
  • Чүй облусунда – 16;
  • Ош ш. – 9;
  • Ош облусунда – 1;
  • Нарын облусунда – 3;
  • Ысык-Көл облусунда – 1;
  • Жалал-Абад облусунда – 6;
  • Баткен облусунда – 3.

Ал эми бир суткада 7 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты.

Өлкөдө бир суткада 345 адам COVID жугузуп алганы аныкталды

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлери арасында 1 287 учур катталды, алардын ичинен 522 медик стационарлардан айыгып чыккан.

7
Белгилер:
коронавирус, кызматкер, медицина
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Өлкөдө бир суткада 345 адам COVID жугузуп алганы аныкталды
Коронавирус бир суткада 13 адамдын өмүрүн алды