Интернетте полиция кызматкерлери Флойддун колуна кишен салгандан кийин жыгып, үчөөлөп баса калган видео тараган. Экспертизанын жыйынтыгы дал ошол маалда Флойд муунуп, аба жетпей калганынан көз жумганын көрсөттү. Учурда төрт полиция кызматкери иштен алынып, бирөөнө "кокусунан өлүмгө дуушар кылган" деген айып тагылууда.
Флойддун өлүмү толкундоолорду шарттап, ал мародерлукка, полиция менен кагылышууга өттү. Мындай башаламандык АКШнын Нью-Йорк, Атланта (Жоржия штаты), Альбукерке (Нью-Мексико штаты), Фонтана, Сан-Хосе (Калифорния штаты) жана Хьюстон (Техас штаты) шаарларында күчөп жатат.Америкада жашап, окуп, иштеп жаткан кыргызстандыктар арбын. Тышкы иштер министрлиги массалык башаламандыкта жабыркандардын арасында КР жарандары жок экенин айтты. Sputnik Кыргызстан агенттиги ар кыл штатта жашаган мекендештер менен байланышып, ал жакта түзүлгөн кырдаал жана абалы тууралуу маалымат алды. Айрымдар аты-жөнүн ачыктагысы келген жок.
— Флойддун өлүмү АКШнын борбордук шаарларында (Даун таун) элдин нааразычылыгын жаратты. Мындай көрүнүш эки-үч күндөн бери Чикаго шаарында да уланууда. Акциялар талап-тоноочулук менен коштолуп жатат. Азыр кечки саат тогуздан эртең мененки алтыга чейин комменданттык саат киргизилди.
Чикагодо эки-үч миңдей кыргыз жарандары жашайбыз. Бирок, кудайга шүгүр, жабыркаган мекендештер жок. Бүгүнкү күнү нааразычылык акциялары күч алып, Чикагонун борбордук бөлүктөрүнөн четки аймактарга чейин жайылып бара жатат. Бир катар ири дүкөндөрдү, соода түйүндөрүн талкалап, аны талоонго алган бейбаштык иштер да болбой койгон жок. Полиция кызматкерлери акцияга чыккандарды курчоого алып, башка жарандарга залакасы тийбесин деп турушат.АКШ президенти Дональд Трамп да штат жетекчилигине "эгер башаламандыкты токтото албасаңар, анда мен бийлигимен пайдаланып армияны киргизип, ызы-чууну басам" деген таризде билдирүү таратты.
— Учурда Нью-Джерсиде абал жакшы эле. Америкада да революциялар учурунда Кыргызстан тушуккан талап-тоноочулук болду. Бирок негедир абалды өтө курчутуп, көбүртүп чагылдырып жатышкандай сезилет. Саат 20:00дөн эртең мененки 6:00гө чейин комменденттык саат жарыяланды. Ал эми бул жакта жашаган кыргызстандыктар кадимкидей эле иштеп жатышат. Көбүнчөсү трак айдап, курулуш тармагында эмгектенет.
— Нью-Йоркто абал курч. Биз жашаган штатта жалаң бай, заманбап райондор, чоң-чоң соода түйүндөрү таланып-тонолуп жатат. Борбордогу таанымал бренд дүкөндөрдү талкалап кетишти. Бир түнгө эле, түнкү саат 11ден эртең мененки 5ке чейин комменданттык саат киргизилген. Комменданттык сааттын убактысы ар бир штатта ар башка коюлду. Анткени убакыт бирдей эмес. Бийлик абалды байкап көрүп, комменданттык саат киргизүү маселесин чечет. Нааразычылык акциялары, бейбаштык жосундар токтобосо, Дональд Трамп катуу чара көрөрүн айтты. Нью-Йоркто ушу тапта үч миңдей кыргыз жашайт. Бизге ызы-чуунун кереги жок. Ошол себептен баары өз иши менен алек. Башаламандыкка көбүнчө жумушу жок, өмүр бою мамлекеттин колун карап отургандар чыгып жатат. Америкадагы кыргыздар мыйзамды сыйлайт, тартиптүү. Акция катышуучуларынын талабы аткарылып, Флойдду өлтүргөн полиция кызматкери камакка алынды. Ага карабай башаламандык уланып жатканын туура эмес кабылдагандар көп.
Кечээ мен Калифорнияга Нью-Мексика аркылуу келдим. Жол боюндагы бир шаарга кире турган чоң жолду жаап, полицейлер курчап туруптур. Көрсө, акцияга чыккандар чоң жолдо трак айдагандарды тоноп, сабаган учур катталып, токтоткондордон качкан айдоочу бир адамды тебелетип кетиптир. Ошондой эле токтогон эки унаанын айдоочуларын акция катышуучулары тоноп, сабап жатышканда полицейлер келип куткарып калган экен.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Белгилүү ортопед Сабырбек Жумабеков Россиянын Илимдер академиясынын чет элдик мүчөсү болуп шайланды. Бул тууралуу маалыматты дарыгер өзү тастыктады.
Анын айтымында, академияга мүчө болуп 2019-жылы ноябрда шайланып, 2020-жылы салтанаттуу иш-чарага катышып дипломун алмак. Бирок пандемияга байланыштуу эми гана учуру келип жатканын билдирди.
"Азыр Москвада жүрөм. Дипломду атайын салтанаттуу түрдө тапшырууга чакырышкан. Бир жарым жыл мурун жабык добуш берүү аркылуу шайланып, сессияларына катышып келдим", — деди Жумабеков.
Ал ошондой эле иш-чарага РФтин Илимдер академиясынын дагы бир чет элдик мүчөсү болгон Аскар Акаев да катышып, куттуктап кеткенин кошумчалады.
Жумабеков Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси. Медицина илимдеринин доктору, академик, бир катар сыйлык менен наамдардын ээси.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кыргызстан салмагы 180 килограммга чейин жеткен койдун жаңы тукумун каттады. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымына караганда, 15-апрелде эт, май багытындагы койдун "Арашан" тукуму каттоодон өткөн. Селекционерлер мындай тукумду 1997-2021-жылдар аралыгында чыгарышкан.
"Бул малдын өндүрүмдүүлүгү абдан жогору. Алты-жети айлык козулардын салмагы 55-60, бир жаштагылары 75-80, чоңдору 175-180 килограммга чейин жетет. Бул биздин фермерлердин кирешесин көбөйтүү үчүн чоң мүмкүнчүлүк", — деди министр.
"Төрт айлык козунун бирөөсү эле миң доллар турат. Ал эми тукум ала турган койлордун баасы 50 миң долларга жетет. Орто салмактагы тукум бере турган койлор болсо 10 миң доллардан ашат. Учурда Казакстан менен Россиядан абдан көп буйрутмалар түшүп жатат", — деди министр.
Ал ошондой эле мындай койлор сатыла баштаганын кошумчалады.