Коронавирустан көз жумган үч бейтап. Министрлик чоо-жайы тууралуу

© Sputnik / Татьяна Макеева / Медиабанкка өтүүОоруканадагы бейтаптар үчүн стационар. Архив
Ооруканадагы бейтаптар үчүн стационар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн суткада коронавирустан 55, 59 жана 84 жаштагы үч киши каза болду. Ошону менен өлкө боюнча вирус жуктуруп алып көз жумгандардын саны 20га жетти.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. COVID-19 жуктуруп алып өткөн суткада каза болгон үч киши дагы башка кандай илдеттер менен жабыркаганын брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев айтып берди.

Лабораториянын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда бүгүн 26 адам коронавирус жуктурганы белгилүү болду
Белгилей кетсек, коронавирус жуктургандардын арасынан Ош облустук бириктирилген ооруканасында 59, 55 жаштардагы эки киши (бири медицина кызматкери) жана Нарын облустук ооруканасында 84 жаштагы бир адам көз жумду.

Министрдин орун басарынын айтымында, медицина кызматкери апрель айынан бери коронавирус жуктуруп алгандар менен иштеп келген.

"Вирус аны эки тараптуу пневмонияга чалдыктырган. Негизи өзүндө кант диабети, жүрөк оорусу бар экен. Анын үстүнө кан басымы бийик жүрүптүр. Экинчи бейтап 55 жашта эле. 22-майдан бери ооруканада дарыланып жаткан. Былтыр жүрөгүнө операция жасаткан экен", — деди Үсөнбаев.

Ал эми үчүнчү оорулуунун эски дарттары козголуп, 25-майдан тарта абалы кескин начарлап кеткен. Кан басымы өтө бийик болгону айтылды.

Жалпы каза болгондордун саны 20 кишини түздү.

Жаңылыктар түрмөгү
0