Июнда Кытайдан жол кура турган адистер менен куруучулар алып келинет

© Sputnik / Табылды КадырбековСтроительство альтернативной дороги север— юг
Строительство альтернативной дороги север— юг - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөттүн маалымат кызматы чет элдик адистерди өлкөгө алып келүүдөн мурда алар коронавируска анализ тапшырарын, жыйынтыгына карап гана иш жүргүзүлөрүн баса белгиледи.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Июнь айында чартердик каттам менен Бишкекке чет элдик адистердин келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу Республикалык штабдын жыйынында сөз болгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Газ трубалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытайга газ алып өтүүгө айыл чарба жерлери берилген. ЖКда айтылган доомат
Ага ылайык, чет элдик адистер Кыргызстанда түндүк-түштүк альтернативдүү жолун куруу боюнча Кытай менен түзүлгөн эки тараптуу макулдашуудан улам алып келингени жатат.

Вице-премьер Эркин Асрандиевдин айтымында, чет элдик адистерди тез арада Кыргызстанга алып келүү көптөгөн инвестициялык долбоорлорду жандандырууга мүмкүндүк берет.

"Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу дүйнө жүзү боюнча четөлкөлүк жарандардын кыймылына чектөө киргизилген. Көпчүлүгү ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан мамлекеттерге кире албай калышты. Мындай абал Кыргызстанда дагы болду. Азыр көпчүлүк долбоорлор токтоп турат, алардын ишин жандандыруу биз үчүн өтө маанилүү. Четөлкөлүк адистердин өлкөгө кайтып келип, ишин улантышына кызыкдарбыз", — деген Асрандиев.

Өкмөттүн маалымат кызматы чет элдик адистерди өлкөгө алып келүүдөн мурда алар коронавируска анализ тапшырарын, жыйынтыгына карап гана иш жүргүзүлөрүн баса белгиледи. Тактап айтканда, сырттан келчү адистер обсервацияга жаткырылып, текшерүүдөн өткөн соң гана Кыргызстанда иштей баштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0