Айылда киши жаңгак кармап турат. Архив

Адис: быйыл Кыргызстанда жаңгакты үшүк алып кетти

55
(жаңыланган 15:38 03.06.2020)
Өлкө аймагында жаңгак багынын жалпы аянты 42,5 миң гектарды түзөт. Анын басымдуу бөлүгү Жалал-Абад облусунда жана жапайы жаңгак болуп эсептелет.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Быйыл Кыргызстанда жаңгакты үшүк алып кетти. Бул тууралуу парламентте Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Элдияр Шерипов билдирди.

Учурда Жогорку Кеңеште "Жаңгак плантацияларын өндүрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору" экинчи окууда каралып жатат.

Ага депутат Абдывахап Нурбаев Кыргызстанда канча гектар жерге жаңгак тигилерин жана андан канча түшүм алынары боюнча суроо берген.

Шериповдун айтымында, өлкө аймагында жаңгак багынын жалпы аянты 42,5 миң гектарды түзөт. Анын басымдуу бөлүгү Жалал-Абад облусунда жана жапайы жаңгак болуп эсептелет.

"Жылына бул аянттан 6 миң тонна алынат. Бирок климаттык шарттардан көз каранды. Жазда үшүк жүрсө, албетте, түшүм азаят. Мисалы, быйыл жаңгакты үшүк алып кетти", — деди Шерипов.

Маалыматка караганда, былтыр 6 миң тонна түшүм алынган, ал эми 2018-жылы 5,5 миң тоннага гана жетип калган.

Кыргызстан негизинен жаңгакты Европа мамлекеттерине, анын ичинде Түркияга көп экспорттойт.

55
Белгилер:
түшүм, үшүк, жаңгак, Жалал-Абад, Кыргызстан
Тема боюнча
Ичегинин иштөөсүн кайсы азыктар жакшыртат? Дарыгердин кеңеши
Медайым ооруканада. Архивдик сүрөт

Коронавирустан 67 бейтап айыгып ооруканадан чыгыралды

1
(жаңыланган 10:25 08.07.2020)
Бишкектен 16, Чүй облусунан 18, Ош шаарынан 18, Ош, Жалал-Абад облусунда төрттөн, Нарын облусунан беш, Баткен облусунан эки адам сакайган.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Коронавирустан 67 бейтап айыгып ооруканадан чыкты. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Коронавирус бир суткада 13 адамдын өмүрүн алды

Анын айтымында, Бишкек шаарынан 16, Чүй облусунан 18, Ош шаарынан 18, Ош, Жалал-Абад облусунда төрттөн, Нарын облусунан беш, Баткен облусунан эки адам сакайып чыгарылды.

Ушуну менен оорудан айыккандардын жалпы саны 2 983 болду.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышыңыздар.

1
Белгилер:
коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Акыркы суткада дагы 62 медиктен коронавирус чыкты
Бир күндө пневмониядан 44 адам каза болуп, жалпы саны 268ге жетти
Өлкөдө бир суткада 345 адам COVID жугузуп алганы аныкталды
Беткапчан медик. Архивдик сүрөт

Акыркы суткада дагы 62 медиктен коронавирус чыкты

4
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлери арасында 1 287 учур катталды.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Бир сутка ичинде өлкө боюнча 62 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

  • Бишкек шаары – 23;
  • Чүй облусунда – 16;
  • Ош ш. – 9;
  • Ош облусунда – 1;
  • Нарын облусунда – 3;
  • Ысык-Көл облусунда – 1;
  • Жалал-Абад облусунда – 6;
  • Баткен облусунда – 3.

Ал эми бир суткада 7 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты.

Өлкөдө бир суткада 345 адам COVID жугузуп алганы аныкталды

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлери арасында 1 287 учур катталды, алардын ичинен 522 медик стационарлардан айыгып чыккан.

4
Белгилер:
коронавирус, кызматкер, медицина
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Өлкөдө бир суткада 345 адам COVID жугузуп алганы аныкталды
Коронавирус бир суткада 13 адамдын өмүрүн алды