Алма сатуу. Архивдик сүрөт

Шерипов: көлдүктөр жаңгакка кызыкдар эмес, алма-өрүккө көнүп алышкан

118
(жаңыланган 16:19 03.06.2020)
Учурда Жогорку Кеңеште "Жаңгак плантацияларын өндүрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору" экинчи окууда каралып жатат.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда жаңгак бышат, бирок көлдүктөр жаңгак өстүрүүгө кызыкдар эмес. Мындай пикирин парламентте Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Элдияр Шерипов билдирди. 

Заместитель директора Государственного агентства охраны окружающей среды и лесного хозяйства Элдияр Шерипов на заседании Жогорку Кенеша. 3 июня 2020 года
© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша
Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Элдияр Шерипов

Учурда Жогорку Кеңеште "Жаңгак плантацияларын өндүрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору" экинчи окууда каралып жатат.

Депутат Абдыбек Дүйшалиев биосфералык аймак болуп эсептелген Ысык-Көлдө бош жер көп экенин айтып, бул жерде жаңгак бышар-бышпасына кызыкты.

"Көлдө жаңгак бышат жана сапатын жоготпойт. Бирок жергиликтүү эл алма жана өрүк өстүрүп, багбанчылыктын бул түрүн жакшы өздөштүргөн. Бул жемиштер коңшу Казакстанга көп сатылып, жакшы баа болуп берет. Ошол себептен көлдүктөр жаңгак өстүрүүгө кызыкдар эмес. Алар өзгөрүүнү каалабайт", — деди Шерипов.

Ошондой эле ал чындап эле көл аймагында бош жерлер көп экенин айтып, аларды мамлекеттик-жеке өнөктөштүк формасында иштетүүгө кызыкдар экенин кошумчалады.

118
Белгилер:
түшүм, алма, жаңгак, Ысык-Көл, Кыргызстан
Тема боюнча
Адис: быйыл Кыргызстанда жаңгакты үшүк алып кетти
Ат-Башыдагы мал базарга башка облус, район соодагерлери киргизилбей турган болду
Эркектин жанында турган кыз. Архивдик сурөт

Кызым менен өгөй атасынын урушу беймаза кылчу болду. Аялдын каты

31
(жаңыланган 15:38 26.09.2020)
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына бул ирет жолдошу менен өткөөл курактагы өспүрүм кызынын ортосундагы мамилени жөнгө салуу жолун издеген аялдын каты жарыяланды.

Саламатсыздарбы, мен сиздер аркылуу психологдон кеңеш алгым келет. Кеп мындай. Мурдагы күйөөм жол кырсыгынан каза болуп калган. Ал кезде кызым үч жашта болчу. Кийин ал эс тартып 1-класска кирген мезгилде кайрадан турмушка чыккам. Азыр экинчи никемден үч балам бар. Чоңураактары башталгыч класстарда окуйт жана эң кичүүсү бала бакчага барчу. Азыр карантин болгондуктан үйдө.

Балдар психологу: апасынын таяк жегенин көрүп өскөн кыз атасындай күйөөгө жолугат

Улуу кызым азыр 9-класста. Өткөөл курак болуп мүнөзү кадимкидей өзгөрдү. Бирок акыл-эстүү, тартиптүү. Болгону азыркы атасы менен мамилеси келишпей, акыркы кезде үйдө уруш көбөйгөнү мени беймаза кылчу болду. Жолдошум да жини келип, аны катуу урушуп коюп жатат.

Келишпестик күйөөмдүн мага жасаган мамилесинен келип чыгууда. Мисалы, ал мени урушуп же сөксө кызым ошого ачууланат. Мурда "апа, эмнеге сизди урушат, сөгөт. Жакшы кийинтпейт" деп айта берчү. Азыр мага болушуп жолдошум менен ачык эле урушуп кетүүдө, экөө тиреше да баштады. Күйөөмө кичинекей кызга теңелбей өткөөл курагын түшүнүп коюушун сурасам "мен аны багып жатам, мага сөз кайрыбасын" деген кеп уктум.

Кайненем көңүлдөшүн мага шылтап... Күйөөсүнүн ишениминен чыккан келиндин каты

Кызыма да акыл айтсам, "сизди менин көзүмчө тилдебесин" деген шарт койду. Бала немеге катуу айткандан да корком. Жүрөгүм да чыдабайт. Анын үстүнө өз атасы жок болсо, мен да урушсам бир нерсе болуп кетеби деп чочулайм.

Кандай айла кылсам болот?

Психолог, Саадат Сыдыкова

Кызыңыз 9-класста окуйт экен. Бул жаштарда балдар өткөөл куракты баштан кечирет. Башкача айтканда, организмде гормоналдык өзгөрүү жүрөт. Гормондорго жараша адамдын маанайынын өзгөрүшү табигый көрүнүш. Кызыңыз сизге өзүнүн каалоосун, көз карашын айтып, жеткиргиси келип жатат. Ал бала болсо дагы өз оюн билдирүүгө укуктуу экенин унутпайлы.

Баланын жан дүйнөсүн тарткан сүрөтүнөн билсе болот. Психологдун 9 сүрөткө анализи

Кыз атасынан энесине сый мамиле жасоону талап кылып, сизге  жасалган жаман мамилени көрүүнү каалабай турганын айткысы келип жатат. Негизинен кызыңыз эмнени каалап турганын өзү жакшы билет. Бул жерден мен эч кандай өөн учураган артыкбаш нерсе көргөн жокмун.

Тескерисинче, жолдошуңузга суроом бар. Анткени кыздын апасына үйлөнгөндөн кийин түздөн-түз атанын да милдетин аткарышы керек. Ал муну сизге баш кошуп жатканда эле билген да. Ошондуктан кызга аны багып-чоңойтуп жатканын айтып, колко кылбай эле койгону туура.

Күйөөмдүн "сүйүктүүсү" тынчтык бербей... Жолдошу баркына жетпеген келиндин каты

Түшүнөм, сиз мындай кырдаалда кызыңыз менен жолдошуңуздун ортосунда чайналып калып жатасыз. Силер ата-эне катары бири-бириңерге туура, конструктивдүү мамиле кылганды үйрөнмөйүнчө мындай көрүнүш улана берет. Кыз мамилеси менен анын көзүнчө апасын урушпоо керектигин түшүндүрүүдө. Негизги аял-күйөөсү катары жолдошуңуз менен бирге психологго да кайрылган оң болор эле. Себеби ортодо туура пикир алышуу, байланыш жок экен. Ал эми кызыңыз өз талаптарын, көз карашын билдире баштаса, андан чочулаштын кереги жок.

31
Белгилер:
эне, өгөй ата, кыз, психолог
Тема:
Психолог менен баарлашуу
Тема боюнча
Аялым тирүү туруп башкасын издей баштадым. Жубайы ракка чалдыккан эркектин каты
Коронавирустан корккон кайненем төрөбө деп айламды кетирип жатат. Келиндин каты
Президент Сооронбай Жээнбеков Биринчи радиого маек берди

Шайлоодон кийин карантин киргизилеби? Президент Жээнбековдун жообу

248
(жаңыланган 15:34 26.09.2020)
Мамлекет башчы пандемия учурунда ар бир адам жоопкерчиликтүү болуп, санитардык эрежелерди сактоо зарылдыгына көңүл бурууну белгилеген.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Карантин киргизиш оңой, баарын жаап салабыз, бардык кыймыл токтойт, бирок аны менен маселе чечилбейт. Бул туурасында президент Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радиого" маек берип жатканда айтты.

Журналист эл арасында шайлоодон кийин карантин кайра киргизилет экен деген сөздөрдүн айтылып жаткандыгы боюнча суроо берген.

"Карантин киргизиш оңой, ал жеңил, баарын жаап салабыз, бардык кыймыл токтойт. Аны менен маселе чечилбейт", - деген мамлекет башчы.

Жээнбеков пандемия учурунда ар бир адам жоопкерчиликтүү болуп, санитардык эрежелерди сактоо зарылдыгына көңүл бурууну белгилеген.

Өлкөгө сырттан киргендер кайрадан текшерилет, анализ тапшырат. Жаңы алгоритм

"Билесиздер, март жана апрель айларында элди санитардык эрежелерге көндүрөлү деп карантин киргиздик — ал өзүнүн эффектин берди. Бирок карантинди кое бергенден кийин ошол санитардык эрежелерди, социалдык дистанцияны сактабай кайдыгер мамиле кылып, кээ бир саясатчылардын оору жок дегенине эл ишенип чыгып алды. Ошонун жыйынтыгы менен июнь – июль айларында абдан кыйналдык. Оору аябай таркап, ооруканалар, медиктер элге медициналык жардам көрсөткөнгө үлгүрбөй, кандай кыйынчылыктар болду. Ошол үчүн ар бирибиз жооптуу болуп, карантинге ишенбей ар адам өзүнө тыюу салганды, сактанганды үйрөнүш керек жана ар адам жоопкерчилик менен мамиле кылышы керек. Ошондо гана карантиндик режим сакталат", - деген президент.

Кыргызстанда да коронавирус жуктургандардын саны акыркы күндөрү арбып бара жатат. 26-сентябрда COVID 158 кишиден табылды.

248
Белгилер:
карантин, коронавирус, Сооронбай Жээнбеков, Кыргызстан
Тема:
Шайлоо-2020
Тема боюнча
COVID жуктургандар көбөйө баштагандыктан Боронов шашылыш жыйын өткөрдү