Контракт көйгөйү: министрлик студентти экзаменге киргизбөө мыйзамсыз экенин айтты

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүЖазуу түрүндөгү сынак. Архив
Жазуу түрүндөгү сынак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын студенттерине контракт төлөө боюнча жеңилдиктер берилгенин айткан эле.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Университетте окуп жаткан студенттерди кайсы бир себептер менен экзаменге кирбейсиңер дегени мыйзамсыз. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова парламентте билдирди.

Университеттеги студент. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окуудан чыгарып салабыз! Контракт төлөй албаган студенттер ара жолдо калабы?
Учурда Жогорку Кеңеште "Билим берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралып жатат.

Депутат Элвира Сурабалдиева ага студенттер кайрылганын айтты. Алар шартына байланыштуу окуунун акчасын төлөй албай, андан улам экзамендерге кире албай жаткандыктарын айтышкан. Эл өкүлү министрликтин буга чейин айткан контракт боюнча ийкемдүү графигинин маңызы эмнеде экенине кызыкты.

"Студентти экзаменге кире албайсың деп коркутуу мыйзамсыз. Ар бир студент окуу графигине жараша экзамен, аттестацияларга кире алат. Ал эми акы төлөө маселеси боюнча университеттерге студенттин финансылык абалына карап, ийкемдүү мамиле кылуу тапшырмасы берилген", — деди Жусупбекова.

Ошондой эле орун басар айым студенттер төлөгөн акчадан мугалимдерге айлык караларын айтып, ата-энелерде контракттан таптакыр эле бошотуу деген түшүнүк болбошу керектигин кошумчалады.

Буга чейин билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын студенттерине бул маселеде жеңилдиктер берилгенин айткан. Министр дагы контракт төлөөнү талап кылган фактылар көп катталып жаткандыгын сөз кылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0