Министр: өлкөдө ата-энеси белгисиз 42 бала бар, алар жөлөк пул ала албайт

© Фото / PexelsСлучаи пропажи детей
Случаи пропажи детей - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрдин айтымында, бул балдар ата-энеси төрөлөрү менен таштап кеткендер. Алардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө атасы жана энеси деген графасы бош.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Кыргызстанда ата-энеси ким экени белгисиз 42 бала бар жана алар мамлекеттен жөлөк пул албайт. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров парламентте билдирди.

Жогорку Кеңеште "Жөлөк пулдар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча" мыйзам долбоору каралып жатат.

Министрдин айтымында, бул балдар ата-энеси төрөлөрү менен таштап кеткендер. Алардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө атасы жана энеси деген графасы бош.

"Азыр ушул 42 баланын укугу корголбой жатат. Эгер мыйзамга биз сунуштап жаткан өзгөрүүлөр киргизилсе, аларга ай сайын 2 миң сомдон берилип турат. Тагыраагы, балдардын атына банкта эсеп ачылып, акча ошол жакка чогулат. Кийин бала 18 жашка чыккан соң каражатты өз керегине жарата алат", — деди министр.

Кочкоров берген маалыматка караганда, учурда ата-энесинин биринен ажыраган бала 1 000, экөөнөн тең ажырагандар 2 000 сомдон алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0