Кыргызстанда жаңгак токойлоруна дрон менен дары чачылууда

Жазылуу
Кыргызстанда жаңгак багынын жалпы аянты 42,5 миң гектарды түзөт. Анын басымдуу бөлүгү Жалал-Абад облусунда. Жыл сайын бул жактан 6 миң тонна түшүм алынат.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Жаңгак токойлорун зыянкеч курт-кумурскалардан арылтуу үчүн дары себүүдө дрондор колдонулуп жатат. Бул тууралуу парламентте Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Элдияр Шерипов билдирди.

Жыйында депутат Таалайбек Масабиров учурда жаңгак талааларында мителер көп экенин айтып, алар менен кандай күрөш жүрүп жатканын сураган.

"Мурда жумушчулар дарыны көтөрүп жүрүп, атайын аппарат менен чачышчу. Азыр деле андай учурлар бар, бирок негизинен бул ишке дрондорду колдонуп жатабыз. Учурда 10 литр дарыны көтөрө алган 30дай дронубуз бар. Ар бири бир сааттай учуп жүрө алат", — деди Шерипов.

Маалыматка караганда, Кыргызстанда жаңгак багынын жалпы аянты 42,5 миң гектарды түзөт. Анын басымдуу бөлүгү Жалал-Абад облусунда. Жыл сайын бул жактан 6 миң тонна түшүм алынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0