Каза болгон фтизиатр Исмаиловдун жакындарына компенсация берүү каралууда

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүДарыгер. Архив
Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
59 жаштагы дарыгер апрель айынан бери коронавирус жуктуруп алгандар менен иштеп, 2-июнда ооруканада каза болгон.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Коронавирус инфекциясынын кесепетинен каза тапкан Кара-Кулжа райондук Үй-бүлөлүк медицина борборунун фтизиатры Альберт Исмаиловдун жакындарына компенсация төлөп берүүнү чечүү боюнча комиссия иштеп жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Ага мындай суроону модератор узаткан.

"Бул маселе боюнча Саламаттык сактоо министрлигинде ведомство аралык топ иштеп жатат. Бул учур комиссиядан тыкыр каралып чыгып, анын жыйынтыгы менен чечилет", — деди Үсөнбаев.

Фтизиатр Альберт Исмаилов апрель айынан бери коронавирус жуктуруп алгандар менен иштеп келе жатып, 2-июнда каза болгон.

Буга чейин COVID-19 жуктуруп каза тапкан медицина кызматкери Жүзүмкан Көкүмбаеванын үй-бүлөсүнө 1 миллион сом берилген болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0