Президент коронавирустан каза болгон медиктин жакындарына көңүл айтты. Некролог

Жазылуу
Альберт Исмаилов 2013-жылдан ушул мезгилге чейин Кара-Кулжа райондук Үй-бүлөлүк медицина борборундагы дарылоо, кеңеш берүү бөлүмүндө дарыгер-фтизиатр болуп иштеп келген.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Коронавирус инфекциясынын кесепетинен көз жумган Кара-Кулжа райондук Үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгер-фтизиатры Альберт Исмаиловдун жакындарына президент Сооронбай Жээнбеков көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлап, медицина кызматкерине жазылган некрологду жарыялады.

"Дарыгер Альберт Исмаиловдун коронавирустан каза болгондугу жөнүндө суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Тилекке каршы, коронавирус инфекциясынын пандемиясы мезгилинде экинчи медик каза болду. Өлкө аймагына илдет кирген биринчи күндөн тарта биздин дарыгерлерибиз жогорку патриоттуулукту көрсөтүү менен эпидемиологиялык кырдаалдын андан ары курчуп кетишине жол бербөө үчүн бардык күч-аракеттерин көрүп жатышат. Тилекке каршы, биз кызматтык милдетин аткарып жатып илдет жугузуп алган дарыгерибизди сактай албадык", — деди Жээнбеков.

Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Каза болгон фтизиатр Исмаиловдун жакындарына компенсация берүү каралууда
Өлкө башчы Исмаиловдун көп жылдан бери медициналык милдетин ак дилинен аткаргандыгы, өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин элдин саламаттыгын коргоого калкан болуп бергени өз ишине берилгендиктин өрнөгү болуп каларын баса белгиледи.

"Альберт Исмаиловдун элеси кесиптештеринин, бейтаптарынын жана жакындарынын эсинде түбөлүккө сакталат. Анын жакындарына, туугандарына жана балдарына терең кайгыруу менен көңүл айтам, орду толгус оор жоготуу кайгысын тең бөлүшөм", — деди президент.

Маркум 36 жылдык эмгек жолунда Саламаттык сактоонун отличниги наамын алган. Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын сыйлыктарына ээ болгону айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0