Мамашова: сот ажатканада 13 жаштагы кызды зордуктаган баланы актап жиберди

© Фото / Пресс-служба ЖКЖК депутаты Айсулуу Мамашова
ЖК депутаты Айсулуу Мамашова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутаттын айтымында, сот шектүүнү актап, кайра жабырлануучу кыздын апасына шектүүгө моралдык чыгым төлөп беришин милдеттендирген.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Бишкектеги соода борборлорунун биринин ажатканасында 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелген 22 жаштагы жигитти сот актап жиберди. Бул туурасында депутат Айсулуу Мамашова парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул ишти Биринчи Май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу карап, "кыз зордукталган эмес" деген чечим чыгарып, шектүүнү жазадан бошоткон. Аны менен катар эле жабырлануучу кыздын апасына шектүүгө моралдык чыгым төлөп беришин милдеттендирген. Мындан улам алар райондук соттун чечимине нааразы болуп, шаардык сотко кайрылып, андан да утулуп калган. Учурда Жогорку сотко даттанып жатышат.

"Жакында эле Балдарды коргоо күнүн белгилеп, куттуктадык. Бирок мага Bishkek Park соода борборунун ажатканасында зордукталган 13 жаштагы кыздын энеси менен адвокаты кайрылды. Далилдери бар экенине, экспертизанын корутундусу чыкканына карабай, көпчүлүккө белгилүү судья Айбек Эрнис уулу (экс-депутат Өмүрбек Текебаевдин ишин караган) шектүү баланы актап жиберди. Ал жаш балдар лагеринде иштеп жүрчү экен. Тилекке каршы, анын башка кыздарды да зордуктаганы боюнча күбөлөр айткан. Бирок бүгүнкүгө чейин ал эркиндикте жүрөт. Себеби анын органдарда иштеген туугандары бар экен. Мындай адамдар түрмөдө отурушу керек болчу", — деди Мамашова.

Случаи насилия над детьми в КР - Sputnik Кыргызстан
Ош: өз кызын бир жыл бою зордуктап келген киши өмүр бою абакка кесилди
Ошондой эле депутат кыздын апасына төлөөгө милдеттендирилген моралдык чыгымдын суммасын шектүү тарап өзү аныктамай болгонун билдирди.

"Судья Эрнис Айбек уулуна аябай нааразымын, уят деген болуш керек да, жаш кыздын тагдырын ойлобойбу. Жогорку сотко барганда калыс карап беришин суранам. Прокурорлор дагы жаш кыздын кызыкчылыгын коргой албай жатат", — деп кайрылды депутат.

Эл өкүлүнүн айтымында, окуя 2016-жылы болгон, сот иштери ошондон бери уланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0