Ката кеткен. Акча алмаштыруу жайларын жабуу мыйзам долбоору ЖКга киргизилди

Жазылуу
Мыйзам долбоору үстүбүздөгү жылдын апрель айында коомдук талкууга коюлуп, бир топ сын-пикирлерди жараткан.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Кыргызстандагы акча алмаштыруу жайларын жабуу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилди. Бул тууралуу парламенттин сайтында жарыяланды.

Аталган документ үстүбүздөгү жылдын апрель айында коомдук талкууга коюлган. Мыйзамды демилгелеген депутаттар менчик бюролор операциялар тууралуу маалыматты жашырып, валюта курсун негизсиз жогорулатып, мындай аракети менен сомдун кунун кетирет деген жүйө келтирген.

Долбоордун негиздемесинде 2015-жылы Улуттук банк акча алмаштыруу жайларын жабууга аракет кылып, бирок коомдук талкуу учурунда колдоо таппай калганы жазылган.

"Акча алмаштыруу операцияларын банктар, кредиттик союздар, чакан финансылык жана кредиттик компаниялар гана жүргүзүшү сунушталууда. Бул улуттук валюта рыногунун коопсуздугун, валюта операцияларынын ачык-айкындуулугун камсыздоого жана көбүрөөк салык түшүшүнө шарт түзөт", — деп жазылган мыйзам долбоорунда.

Документтеги ката

Деген менен мыйзам долбоорунун расмий тилде жазылган негиздемесинде ката кетип калган. Мүмкүн болуучу терс кесепеттердин болжолу бөлүмүндө "Мыйзам долбоорду кабыл алуу "Медицина кызматкерлеринин макамы жөнүндө" КР мыйзамдарына өзгөрүтүүлөрдү киргизүү" терс кесепеттерди алып келбейт" деп жазылып турат. Чынында бул мыйзам валюта рыногуна эмес, медицина тармагына тиешелүү.

Ал эми жөндөө таасирин талдоо жөнүндө маалыматында "Мыйзам долбоору жөндөө таасирине талдоо жүргүзүүнү талап кылбайт, себеби ал ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган эмес" деп жазылган.

© скриншот с сайта Жогорку КенешаАкча алмаштыруу жайларын жабуу боюнча мыйзам
Ката кеткен. Акча алмаштыруу жайларын жабуу мыйзам долбоору ЖКга киргизилди - Sputnik Кыргызстан
Акча алмаштыруу жайларын жабуу боюнча мыйзам

Мыйзам долбоорун депутаттар Гүлшат Асылбаева, Алиярбек Абжалиев, Салайдин Айдаров, Искендер Гайпкулов, Пархат Тулендыбаев, Айнура Осмонова, Экмат Байбакпаев сунуштаган. Негизги демилгечиси Гүлшат Асылбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0