БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов Кыргызстандагы юбилейлик иш-чараларды чектөө боюнча мыйзам долбоорун сунуштап, биринчи окууга алып чыкты.
Депутаттын айтымында, жылына 100дөн ашуун юбилейлик иш-чара өткөрүлөт. Мисалы, 2017-жылга 120, 2018-жылга 105 иш-чара бекитилген. Ошондой эле жергиликтүү бийлик органдары, тийиштүү уюмдун же мекеменин чечими менен корпоративдик маанидеги юбилейлик иш-чаралар өткөрүлүп турат.
"Бюджеттик каражаттардын чектелүү экендигин эске алып, мааракелерди өткөрүүнүн мезгилдүүлүгүн чектөөнү максатка ылайыктуу деп эсептейм. Мыйзам долбоорунда жалпы улуттук, региондук жана корпоративдик маанидеги иш-чараларды өткөрүү үчүн юбилейлик даталарды 50 жыл, 75 жыл, 100 жыл жана андан кийин ар бир 25 жыл сайын белгилөө сунушталууда. Өзгөчө учурларда гана президенттин чечими менен башка даталарда юбилейлик иш-чаралар өткөрүлүшү мүмкүн", — деди Жамалдинов.Депутат мааракелик иш-чараларды өткөрүүдө ишкерлерден акча алып, мамлекеттик органдар, жергиликтүү кызматкерлер көп убактысын короторун белгилди. Ал эми "жылкы союу, боз үй тигүү" деген тапшырмаларды аткаруу үчүн айыл өкмөттөргө күч келерин айтты.
Аталган мыйзам долбоору бюджеттик чыгымдарды кыскартуу максатында демилгеленген. Мында эгерде атактуу адамдардын урпактары жеке каражатына юбилейлик иш-чара өткөрүүнү кааласа, тыюу салынбай турганы айтылган.
Талкуу учурунда депутат Элвира Сурабалдиева ар 25 жыл сайын эмес, 100 жылдык юбилейлерди гана белгилөөнү сунуштады.
Эл өкүлү Акылбек Жапаров бүт майрам, той-аштарды күзүндө 10 күн өткөрүп коюу керек деп эсептейт.
"Той-ашты күзүндө гана бир жолу өткөрсө болот деп ойлойм. 31-августтан 10-сентябрга чейин болгон юбилейлик даталарды белгилеп алсак. Муну кезеги менен ар бир облуста мамлекеттик деңгээлде өткөрсөк. Мисалы, быйыл кесиптик майрамдарды дагы кошуп, Баткенден баштасак болмок. Кытай жаңы жылды 10 күн тосот экен, андан кийин майрам жок. Ошол сыяктуу кылып бир эле өткөрүп коёлу", — деди депутат Акылбек Жапаров.
Дагы бир депутат Эмил Токтошев куру намыска алдырып бири-бирине атаандашуу болорун, мындан улам өз алдынча юбилейлик даталарды да өткөрүүгө чек коюу керектигин айтты.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Германия Кыргызстанга 14,9 миллион евро өлчөмүндөгү карызын кечүүгө даяр. Болгону Кыргызстан ал каражатты ипотекалык кредитке жумшашы керек. Бул тууралуу журналисттерге Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыздар башкармалыгынын жетекчиси Руслан Татиков билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылы министрлик тышкы карызды жоюп салуу өтүнүчү менен бир нече мамлекетке кайрылган. Бир гана Германия буга макул болду.
"Жалгыз Германия карызды жоюу боюнча макулдугун берди. Документке кол коюла элек, бирок сүйлөшүүлөр болду”, — деди Татиков.
Ал кошумчалагандай, бул каражат эми Мамлекеттик ипотекалык компанияга жумшалат деп күтүлүп жатат.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Каракол шаарынын Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматы өткөн жылдын сентябрь айында берилген Toyota Land Cruiser Prado үлгүсүндөгү жолтандабасты башка автоунаага КР президентинин иш башкармалыгы менен алмашып алды. Бул тууралуу кызматтын жетекчиси Нуркамел Бектуров билдирди.
Социалдык тармактарда “медиктерге берилген автоунааны президенттин иш башкармалыгы алып алыптыр” деген маанидеги посттор жарыяланды.
Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси менен байланышты. Ал автоунааны алмашып алышканын тастыктап, жолтандабастын ордуна Volkswagen Polo үлгүсүндөгү машина алышканын билдирди.
Эске салсак, өткөн жылдын июль айында өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнө тиешелүү автоунаага башка автонун номери тагылып жүргөн жерден кармалып, чуу чыккан. Кийин ал авто эл аралык долбоордун негизинде сатып алынганы айтылган. Көп өтпөй автокөлүк Каракол шаарынын Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматына белекке берилген.