Бишкекте санитардык эреже бузгандар 1,2 миллион сомдук айыпка жыгылды

© пресс-служба мэрии города БишкекОбход открывающихся предприятий и проверка соблюдения санитарных требований
Обход открывающихся предприятий и проверка соблюдения санитарных требований - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-мэр ишкерлик кылгандардын көбү санитардык эрежелерди сактаганы менен алардын арасында моюн толгоп, тоготпогондор да бар экенин айтты.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Борбор калаада 11-майдан бери санитардык эрежени сактабаган ишкерлерге 1 миллион 253 миң 500 сом айып пул салынды. Бул туурасында Бишкектин вице-мэри Татьяна Кузнецова брифинг учурунда айткан.

"Мобилдик топтор күн сайын эртеден кечке чейин базарларды, соода жайларын, сулуулук салондорун, дүкөндөрдү кыдырып, текшерип жатат. Андан сырткары, транспортту да көзөмөлгө алышууда", - деди ал.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов - Sputnik Кыргызстан
Боронов: аймакка каттаган ар бир жүргүнчүнүн телефон номерин жазып калгыла
11-майдан тарта аталган топтор 4 435 объектини текшерген.

Бишкектин вице-мэри ишкерлик кылгандардын көбү санитардык эрежелерди сактап жатканын кошумчалады.

Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын жалпы саны 1899га жетип, бүгүн, 4-июнда, 28 кишиден аныкталды.

Ал эми жалпы 1292 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0