Өкмөт 11 миң жер участогун трансформациялоону көздөп жатат

© Sputnik / Эмиль СадыровНарын облусунун Кочкор айылынын жанындагы буудай талаалары. Архив
Нарын облусунун Кочкор айылынын жанындагы буудай талаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иликтөөнүн жыйынтыгында 1711,80 га жер аныкталган. Эми анда жашаган 11 300 үй-бүлөнүн социалдык маселесин чечүүгө шарт түзүлөрү айтылат.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Сугат айдоо жерлерине турак үйлөрүн куруп алган жана жеке менчик укугуна мамлекеттик актылары бар жарандардын маселелерин чечүүгө багытталган мыйзам долбоору парламенттин кароосуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

"Жер пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору өкмөттүн 2020-жылдын 4-июнундагы №297 токтому менен жактырылып, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлдү", — деп айтылат билдирүүдө.

Газ трубалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытайга газ алып өтүүгө айыл чарба жерлери берилген. ЖКда айтылган доомат
Аталган мыйзам долбоору 2009-жылдан 2018-жылга чейин сугат айдоо жерлерине турак үйлөрүн куруп алган жана айыл чарба багытындагы жер үлүшүнүн жеке менчик укугуна мамлекеттик актылары бар жарандардын маселелерин чечүүгө багытталган.

Өкмөттүн буйругу менен түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу топтун иликтөөлөрүнүн жыйынтыгында 1711,80 га жер аныкталган. Эми анда жашаган 11 300 үй-бүлөнүн социалдык маселесин чечүүгө шарт түзүлөрү айтылат.

"Жарандар жерлерин мыйзамдаштырган соң алардын балдарды бала бакчага, мектепке берүү маселелери чечилет жана өздөрүнүн туруктуу жашаган дареги аныкталат. Жыйынтыгында жер ээлери жарандык укукка ээ болушат", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин 3-июнь күнкү жыйынында депутат Нурбек Алимбеков "өкмөттүн жерди трансформациялоо боюнча ишинин ылдамдыгы таш баканын ылдамдыгына барабар" деп сындап, бул жаатта бюрократия күч алганын айткан эле. Депутат 2009-жылга чейин алынып, үй курулуп калган тилкелерди трансформациялоо тууралуу мыйзам кабыл алынганын, андан кийин алынган жерлер боюнча өкмөттөн мыйзам долбоорун эчактан бери күтүп жатышканын айткан болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0