Улгайган аял карылар үйүндө. Архив

Карылар жана балдар үйүн коомдук көзөмөлгө алуу мыйзам долбоору сунушталууда

56
(жаңыланган 19:21 04.06.2020)
Демилгечилер социалдык стационардык мекемелерде иш жүзүндө кандай тамак-аш берилип жатканын эч ким билбей турганын айтышат.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Махабат Мавлянова башында турган Жогорку Кеңештин алты депутаты карылар жана балдар үйүндөгү шарттарды коомдук көзөмөлгө алуу тартибин мыйзамдаштырууну демилгеледи.

Мыйзам долбоорунун негиздемесинде социалдык стационардык мекемелерде бюджеттен бөлүнгөн каражатка тамак-аш тийиштүү деңгээлде берилбей турганы айтылат.

"Улгайгандар, жетим жана ата-энеси таштап кеткен балдар нормада белгиленген тамак толугу менен берилбейт, айрым мекемелердин кампалары дээрлик бош турат. Ал эми тамак-аш менюсу формалдуу түрдө жазылып коюлган. Бюджеттик каражат кантип чыгымдалып, иш жүзүндө кандай тамак-аш берилип жатканын эч ким билбейт жана көзөмөлгө алынбайт. Ушуга байланыштуу Көзөмөл кеңештин иштеп туруусу зарыл", — деп айтылат маалыматта.

Талкуу маалында депутат Тариел Жоробеков Көзөмөл кеңешинин курамына кимдер кирерин жана аларга айлык маяна кантип төлөнөрүнө кызыкты. Өз кезегинде Мавлянова балдар же карылар үйүнө колдоо көрсөткөн уюмдардын өкүлдөрү, меценаттар жана кайдыгер эмес жарандар кирерин, алар коомдук башталышта иш алып барарын айтты.

Мындан сырткары, депутат 2014-жылы кабыл алынган "Көзөмөл кеңеши жөнүндөгү" мыйзам иштебей жатканын белгиледи. Андыктан алардын ыйгарым укуктарын кеңейтип, милдеттүү түрдө иштөөсүн камсыздоо сунушталып жатканын билдирди.

Аталган мыйзам долбоору бүгүн экинчи окууда каралып, колдоо тапты.

56
Белгилер:
мыйзам долбоору, талкуу, кеңеш, Түзүү, Карылар үйү, балдар үйү
Тема боюнча
Ката кеткен. Акча алмаштыруу жайларын жабуу мыйзам долбоору ЖКга киргизилди
Акча каражаттары. Архив

Быйыл ар бир төртүнчү россиялыктын айлыгы көбөйдү. Сурамжылоо

4
Эмгек акысы көтөрүлгөндөрдүн сап башында логистика, курулуш тармагында эмгектенгендер турат. Маянасына эң аз акча кошулгандар кафе, ресторандарда иштегендер экени айтылды.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Россиянын жашоочуларынын 24 пайызында айлык көбөйгөндүгүн "Работа.ру" изилдөө кызматы сурамжылоо жүргүзүп тактап чыккан. Бул туурасында "Говорит Москва" порталы билдирди.

Жалыйна төмөнкүдөй көбөйгөн:

  • Үчтөн бири өнөр жай жана өндүрүш жаатында иштегендер;
  • 24 пайызы логистика;
  • 12 пайызы курулуш;
  • 8 пайызы IT жана телеком;
  • 6 пайызы кафе, ресторандарда эмгектенери айтылды.

Сурамжылоо өлкөнүн бардык аймактарында жүргүзүлүп, ага 18 жаштан өйдө курактагы респонденттер катышкан.

 

4
Белгилер:
Россия, айлык, сурамжылоо
Тема боюнча
Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия канча сомго көбөйөт. Инфографика
Ооруканадагы дарыгер. Архив

83 кишиден коронавирус табылып, эки бейтап көз жумду. Соңку статистика

21
(жаңыланган 09:29 17.09.2021)
Өлкөдө эпидкырдаал турукташып калганы байкалууда. Азыркы учурда стационарда 589 бейтап дарыланып жатканы айтылды.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 83 кишиден коронавирус аныкталып, 113 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 31;
  • Чүй облусу – 17;
  • Ош облусу – 4;
  • Талас облусу – 4;
  • Нарын облусу – 6;
  • Ысык-Көл облусу – 12;
  • Жалал-Абад облусу – 8;
  • Баткен облусу – 1.

Өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 177 567ге жетип, анын ичинен 172 015 киши дартты жеңген.

Кечээтен бери оору эки адамдын өмүрүн алган. Ушуну менен коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 2 583кө жетти. Азыркы учурда стационарда 589, ал эми амбулатордук шартта 910 адам дарыланып жатканы айтылды. 

21
Белгилер:
Кыргызстан, коронавирус, оору, статистика, штаб
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус
Тема боюнча
COVID-19ду аныктаган лабораториялардын кирешеси өстү. Таблица
Кытай Кыргызстанга 100 млн. доллар жана миллион доза вакцина берүүгө даяр