Диетологдор жатарда жегенге болбой турган азыктарды айтып берди

CC0 / Pixabay / LEEROY AgencyНовогоднее застолье
Новогоднее застолье - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Диетологдор жатардын алдында брокколи, жөнөкөй жана гүлдүү капусталарды жебей эле коюуну сунуштады. Капуста витаминге бай болгону менен анда уйкуга терс таасир эткен заттар бар экени аныкталган.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Испаниянын диетологдору жатар алдында сыр кошулган тамак, кара шоколад, капуста жегенде, шарап, кофе жана газдалган суусундуктарды ичкенде уйку бузуларын айтып беришти. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Адистердин айтымында, адам тамакты жатардын алдында жесе, уйку режими бузулуп же катуу уктай турган маалы өтүп кетиши ыктымал.

Диетологдор жатарда брокколи, жөнөкөй жана гүлдүү капусталарды жебей эле коюуну сунуштады. Капуста витаминге бай болгону менен организмге оңой менен сиңбеген элементтер бар.

"Сегизден кийин үндүк, тооктун этинен да баш тартып коюңуз. Анткени организм аны сиңире албай кыйналат. Ошондой эле жатар алдында сыр кошулган тамакты да жебеш керек", — деп айтылат маалыматта.

Уктаар алдында кара шоколад менен кофе ичүү да зыян экени айтылды. Экөөнүн тең курамында кофеин бар. Ал организмден 8-14 саатка чейин кетпей, уйкуга терс таасир этет.

Жатарда спирт ичимдиктерин, анын ичинде кызыл шарап, таттуулар, томат соусун колдонбой эле коюу сунушталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0