Көбү Нарындан. Кыргызстанда коронавирустан 48 бейтап айыкты

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир суткада Бишкекте жети, Нарында 29, Ош шаарында тогуз, Ош облусунда эки, Жалал-Абадда бир киши коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус жуктуруп алган 48 бейтап айыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө жалпы сакайгандардын саны 1340ка жетти.

"Бир суткада Бишкекте жети, Нарында 29, Ош шаарында тогуз, Ош облусунда эки, Жалал-Абадда бир киши  коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Анын баарынан кайталап алынган анализи таза чыккан", — деди Үсөнбаев.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 1936га жетти. Анын ичинен 1340 адам айыгып, 22си каза болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0