COVID-19ду кимдер массалык түрдө жайылтып жибериши мүмкүн. Үсөнбаевдин жообу

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев
Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү коронавируска чалдыгып, бирок анын белгилери билинбей же жеңил формада өтүп жаткандарды обочолонтуунун зарылчыгын айтып берди.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Коронавирустун симптому жоктор жана аны жеңил көтөргөндөр башкалар сыяктуу ооруканага жатып, бир нече ирет анализ тапшырып чыгышат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

"Коронавируска чалдыккандардын көбүндө анын белгилери жок болот. Арасында жеңил формада ооругандар бар. Айрымдар эмнеге аларды ооруканага кармап, обочолонтуу керек деп айтышы мүмкүн. Бейтаптардын бул тобу элге коркунуч жаратат. Алар оорунун булагы болуп саналып, вирусту массалык түрдө жайылтып жибериши ыктымал. Биз симптому жокторду да стационарга жаткырып, бир нече ирет анализ алып, анан чыгарабыз. Андан кийин эки жума үй карантининде болушат", — деди Үсөнбаев.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 1936га жетти. Анын ичинен 1340 адам айыгып, 22си каза болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0