Ошто 60 жаштагы кишини өлтүрө сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековРульдагы кишен. Иллюстративдик сүрөт
Рульдагы кишен. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда тергөө иштери жүрүп, айдоочу сурак берип жатат. Ал эми автоунаасы Кара-Суу шаарындагы шектүүнүн досунун үйүнөн табылганы маалым болду.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районунда 60 жаштагы эркек кишини өлтүрө сүзүп, из суутуп кетти делген айдоочу кармалды. Бул тууралуу облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн маалымдашты.

Билдирмеге ылайык, окуя 3-июнь күнү болжол менен 23:40тар чамасында Тельман айылында болгон. Анда Honda Fit үлгүсүндөгү автоунаа болжол менен 40-45 жаштагы эркек кишини сүзүп, качып кеткен. Кырсыктан жабыркаган адам окуя болгон жерден көз жумган.

"Кара-Суу РИИБдин криминалдык милиция кызматы жана ЖКККБ кызматкерлери кылмышка шектүү делген 27 жаштагы адамды колго түшүрүшкөн. Ал Кара-Суу шаарынын тургуну. Каза болгон жаран дагы Кара-Суу районунун 60 жаштагы жашоочусу экени аныкталды", — деп айтылат маалыматта.

Бул иш Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда тергөө иштери жүрүп, айдоочу сурак берип жатат. Ал эми автоунаасы Кара-Суу шаарындагы шектүүнүн досунун үйүнөн табылганы маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0