Мэрия: бала бакча кызматкерлеринин көбү анализ тапшырды

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүРабота дежурного детского сада в Иванове
Работа дежурного детского сада в Иванове - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэрия Бишкек шаарындагы менчик бала бакчалардын жетекчилерине кайрылып, кызматкерлеринин тизмесин тезирээк берүүнү суранды.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Борбор калаадагы муниципалдык бала бакчага жалпысынан 1 миң 700 кызматкер чыгат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

"5-июндан тарта кызматкерлердин арбын бөлүгү тесттен өтүп, жыйынтыгы таза чыкты. Азыр анализ алуу уланууда. Андан сырткары менчик бала бакчаларда иштегендердин тизмеси түзүлдү. Алар эртең ПЦР-тест тапшырат. Жыйынтыгы жакшы болсо ишин баштайт", — деп айтылган маалыматта.

Женщина с ребенком - Sputnik Кыргызстан
Министрлик: баланы карай турган киши болсо бакчага жибербей турган оң
Октябрь районундагы бала бакчаларга 703, Свердлов районуна 353, Биринчи май районуна 291, ал эми Ленин районундагы бала бакчаларга 266 кызматкер ишке чыгары айтылды.

Мэрия менчик бала бакчалардын жетекчилерине кайрылып, кызматкерлеринин тизмесин тезирээк берүүнү суранды.

Бишкекте 87 муниципалдык, 13 ведомстволук жана 218 жеке менчик бала бакча бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0